Муфтияттагы коррупция иши: Сот дин башкармалыгынын эсепчисин камакка алды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчиси Жеңишбек Бекиевди 12-февраль түн жарымда камакка алуу чечимин чыгарганын кабарлады.

Соттун маалыматына ылайык, Бекиев тергөө өндүрүшү бүткүчө камакта болот — 2021-жылдын10-апрелине чейин. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Муфтияттагы кармоолор

КМДБнын башкы эсепчиси Жеңишбек Бекиев 9-февралда УКМК тарабынан «Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» беренеси менен кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, муфтияттын жетекчилиги жарандар ажылыкка баруу үчүн төккөн акчаны үстөк пайызы менен насыя берүүгө жумшаган. УКМК карызга берилген акчанын суммасы 100 млн сомдон ашышы мүмкүн деп билдирген.

«Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, КМДБ жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМКнын кызматкерлери дин башкармалыгынын башкы эсепчисинен тышкары, экс-муфтий Максат ажы Токтомушевди дагы кармашкан. Токтомушев зыяратчылардын акчасын колдонуу чырынын шартында кызматынан кеткен.

Сот 12-февралга караган түнү экс-муфтийди үй камагына кетирүү чечимин чыгарды.