Ошто бычакталган окуучуга операция жасалып, абалы туруктуу

Ош шаарында «Ареопаг» дүкөнүнүн жанында 11-февралда бычакталган коллеждин окуучусуна операция жасалып, абалы турукташты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришти.

«Абалы жакшы, туруктуу. Операциядан кийин өзүнө келди, сүйлөп жатат [...] Кечээ операция болуп, өпкөсү тигилип, азыр абалы жакшы», — деп билдиришти ооруканадан.

Дарыгердин айтымында жабырлануучу эки жолу бычакталган.

Буга чейин Нариман атындагы мектебинин 10-классынын жана жергиликтүү коллеждин окуучулары бычакталып, алардын бири ооруканада каза болуп, экинчисинин абалы оор экени кабарланган.

Окуя аталган мектептин жанындагы «Ареопаг» дүкөнүнүн артында болгон. Кылмышка күбө болгон жабырлануучулардын классташтары окуянын чоо-жайын айтып беришкен. Күбөлөрдүн айтымында, алар келе жатканда үч бейтааныш бала чыгып, «эмнеге күлүп жатасыңар?» деп эки баланы «сүйлөшүүгө» чакырган.

Андан соң бейтааныш балдар бир окуучуга эки жолу, экинчисине бир жолу бычак сайып качып кетишкен. Жарадар болгон балдарды жана эки күбө кызды милиция кызматкери унаасы менен ооруканага алып кеткен.

Алгач Ош ШИИБнин кызматкерлери кылмышты жасоого шектеп 16 жаштагы өспүрүмдү кармаган — кармоо учурунда анын жанынан кастет табылган. Кийинчерээк тартип сакчылары анын эки шеригин кармашты.

Шектүүлөр

«Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө. Шектүү бул оор кылмышка жабыр тарткан балдар менен айтыша кеткендиктен барганын айтып берди. Жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жиберген», — деп билдиришти Ош ШИИБден.

Кармалган өспүрүмдөр Бишкек шаарынын Дордой конушунун жашоочулары болгону айтылууда, үчөө тең мектепти ташташкан. Алар Ошко келгенине беш күн болгон. Учурда милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Мындан сырткары шектүүлөрдүн бири 8-февралда патрулдук милициянын унаасынын үстүндө бийлегени аныкталды. Учурда бул окуя боюнча да текшерүү жүрүүдө.