Баткен: чек арадагы такталбаган аймактарда курулуш боюнча комиссия түзүлөт

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Баткен облусунун жетекчиси менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси жолугуп, курулуш иштери боюнча эки тараптуу комиссия түзүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле, комиссия түзүлүп, алар ишин баштаганга чейин чек арадагы тактала элек аймакты эки тарап тең пайдаланбайт жана курулуш иштерин жүргүзбөйт.

Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына Баткен облусунун жетекчиси Жаныбек Жалалов маалымадады.

Мындан үч күн мурун Ак-Сай айылынын тургундары облустук администрациянын алдына жайыт маселеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайытты тажик тарап ээлеп алганын айтып, жергиликтүү бийликтен бул маселени чечип берүүсүнү талап кылышкан.

Мындан сырткары, тургундар президент Садыр Жапаровго жана өкмөт башчы Улукбек Мариповго видеокайрылуу жасашкан. Кайрылууда алар: «тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечип берүүңүздөрдү талап кылабыз жана биз тажик тарапка 1 метр жерибизди да бербейбиз» деп айткан.

Ал эми Жалалов тургундардын үнүн өкмөткө жана делимитация, демаркация боюнча өкмөт аралык комиссияга жеткирерине убада берген.

Тема боюнча:

Баткен: Аксайлыктар алардын жайытын тажик аскерлери кайтарып калганына нааразы