Баткен: Аксайлыктар алардын жайытын тажик аскерлери кайтарып калганына нааразы

Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары 10-февралда кечинде облустук администрациянын алдына жайыт маселеси боюнча нааразычылык акциясына чогулушту. Бул тууралуу «Т-Медиа» басылмасы видеотасма жарыялады.

Анда Ак-Сай айылынын тургуну Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайытты буга чейин Кыргызстандын аскерлери кайтарып келгенин айткан. Ал эми учурда ал жерди Тажикстандын аскерлери кайтарып турганын айтып нааразы болгон.

«2-3 күн гана болду ал жайытка биздин аскерлер турбай калышты. Биз облус жетекчисине кайрылганыбызда, бүгүнкү күндө УКМКнын жетекчиси [Камчыбек] Ташиев ооруп жаткандыгына байланыштуу маселенин чечилиши үчүн аны күтүп турабыз деп айтты. Ал жерди ушул убакка чейин заставанын эле начальниги чечип келген жер болчу», — деди тургун.

Дагы бир тургундун айтымында, учурда жайытты Тажикстандын чек арачылары кайтарып турат жана аны тажик тарап пайдаланып жатат.

«Тажик тараптын чек арачылары айыл башчысы менен келди дагы, биздин “дозорду” токтотуп койду. Буга чейин эки жолу сүйлөшүү болот дешкен. Биринчи сүйлөшүүдө инаугурация өткөнгө чейин күтө туралы дешти, андан кийин акимдер чогулуп чечишет деди, бирок ага жетпей эле тажиктер келди дагы солдаттар менен жерди ээлеп алышты», — деп кейиди тургун.

Ошондой эле, 11-февралда Ак-Сай айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго жана өкмөт башчы Улукбек Мариповго видеокайрылуу жасашты.

Өзүн аталган айылдын айыл башчысымын деп тааныштырган Эркин Жолчуев бийликтен Ак-Сай айыл өкмөтүндө орун алган маселени тез арада чечип берүүсүн суранды.

«Учурда тажик тарап бизге агрессивдүү мамиле жасап жатышат. 200 жылдап ата-бабаларыбыз колдонуп келген жерлерибизди бизге түшүнүксүз себептер менен тажик тарапка өттүптүр. Муну бизге чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик айтып жатат. Менде жана артымда турган карапайым элде [аны менен бирге турган тургундарды көрсөтүп — ред.] толук, так маалымат жок. Тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечип берүүңүздөрдү талап кылабыз жана биз тажик тарапка 1 метр жерибизди да бербейбиз», — деди Жолчуев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы жолукканын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

«Чогулгандарга жетекчилер өкмөткө жана делимитация, демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссияга тургундардын талабын, сунушун жеткирерин айтышты», — деди ведомствонун басма сөз кызматы.

Буга чейин 2020-жылы 16-декабрда Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай — Ворух жолун эки жылкы жоголгондон кийин тосуп алышып, малды табуу талабын коюшкан.

Тургундар жылкылардын изи тажик айылы тарапка кеткенин билдиришкен. Андан соң тургундар менен Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана Тажикстандын Исфара районунун акими чогулган эл менен жолуккан. Жолугушуудан соң чогулган эл тарап, тосулган жол ачылган.