Кочкордогу жол кырсыктан жети адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди

14-февралда Кочкор районунун Сары-Чат аймагында жол кырсыгы катталып 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык 14-февралда саат 07.00дөр чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 170-чакырымында болгон. Анда «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен.

Унаадагы 7 адам ар кандай жаракаттарды алып, Кочкор районунун ооруканасына жеткирирлген. Жабыргандарга куткаруучулар жардам берген.

Буга чейин февраль айынын башында Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Ауди С4« жана «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, эки адам каза болуп, үч киши жаракат алган.

Жол кырсыгынын кесепетинен «Тойота Ипсумдун» айдоочусу Т.А. окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми «Тойота Ипсумдун» ичиндеги милиция кызматкери М.А. Ат-Башы райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.