«Кыргызкөмүр»: Кара-Кечеге айдоочуларды кезексиз киргизген жумушчулар жазаланат

«Кыргызкөмүр» ишканасы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташыган айдоочуларды Кара-Кече кенине кезексиз киргизген күзөтчүлөр боюнча териштирүү жүргүздү. Алар тартипке ылайык жазаланат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын беш кызматкери 15-январга караган түнү 25 унааны кенге кезексиз өткөрүп жиберген.

«Бул жагдайда Марат Суранов аттуу кызматкер жоопкерчиликти өз мойнуна алаарын айтып, машинелерди кезексиз киргизүүгө жол берген. Ишкана тарабынан видео архивден байкоо жүргүзүлүп, алардын жумушка болгон шалаакылыгы аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча кеңири маалымат берилерин мекеме убада кылды.

Мекеменин маалымат катчысы «Азаттык» радиосуна мындан ары ушундай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

«Көмүр ташыган айдоочулар ал жакта суткалап күтүшөт. Бирок, айта кетсек, буга чейин айдоочулар айлап күткөн учурлар катталган болсо, азыр үч-төрт күн күтүшөт. Кээде кезек күтүүнүн айынан ич ара пикир келишпестик, чыр-чатак чыгып кетет. Ошондой көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн чара көрүлүүдө», — деди ал.

Бишкек ЖЭБине Казакстандан келген жана Нарындагы Кара-Кеченин көмүрү жагылат. Кара-Кечеден көмүрдү ЖЭБ менен келишимдин негизинде иштеген жеке ишканалар ташыйт.

Былтыр 6-октябрда белгисиз адамдар парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардын шартында Кара-Кече көмүр кенинен баасы 1 млн сомду түзгөн көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кетишкен. Көп өтпөй милиция бул ишке шектелгендерди таап, ала келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кайтарып бергени кабарланган.

«Улутттук энергохолдинг компаниясынын» маалыматында 2020-2021-жылдагы жылуулук сезону үчүн Бишкек ЖЭБде 1,1 млн тонна көмүр керектелет. Анын ичинен көп бөлүгү — 760 миң тоннасы — атамекендик көмүр, 350 тонна — сырттан кирет.

Коронавирус пандемиясы жана анын кесепетинен улам көмүр сатып алуу үчүн 1,2 млрд сомго тендер былтыр күзгө жакын гана жарыяланган. Тендерди уткан компаниялар тууралуу кенен маалымат айтылган эмес.

Бирок «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, ЖЭБди көмүр менен камсыз кылууну 14 көмүр казуучу жеке менчик компаниялар мойнуна алган.