Жапаровдун шайлоо штабынын башчысы финчалгындоо кызматына жетекчи болуп келди

Садыр Жапаровдун шайлоо штабын жетектеген Канатбек Тургунбеков 12-февралда Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалымат кызматыны кабарлагандай, 12-февралда мекемеде мурдагы жетекчини узатып, жаңысысын дайындалышына байланыштуу иш-чара өткөн.

*Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы өкмөт реструктуризация болгондон кийин Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өткөн.

Тургунбековго чейин бул кызматта Гүламжан Анарбаев иштеген, бирок ал арыз жазып, өз эрки менен жумуштан кеткен.

Ал эми Тургунбеков мурдарак Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укук маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси болчу. 2020-жылы күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо ал «Кыргызстан» партиясынын штабын жетектеген.

Ал 2017-жылы эле бул партиянын лидери Канат Исаев президенттике талапкерлигин көрсөткөнүн мыйзамсыз деп билдирип чыккан.

Анда Тургунбеков саясий кеңештин отуруму кворумсуз өткөнүн, ошондуктан Исаев талапкерлигин көрсөтүүгө укуктуу эмес деп билдирип, отурумду кайрадан өткөрүүнү талап кылган.

Аткаминердин айтымында, аны жана партиянын дагы үч мүчөсүн кабардар кылбай эле саясий кеңештин курамынан четтетишкен.

2021-жылда өткөн президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровдун штабын жетектеген. Бул шайлоодо Жапаров мамлекет башчысы болуп шайланган.