Ат-Башыда айыл башчыдан пара алган Эсеп палатасынын кызматкери кармалды

Эсеп палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору пара алууга шектелип 15-февралда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«[Шектүү] Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөнү үчүн райондогу айылдардын биринин башчысынан 60 миң сом алган», — деп берилет атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Шектүү Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин 2020-жылдын 8-декабрында Каржы полициясы Эсеп палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча тескөөчүсүн кармаган. Ал бюджеттен 13 млн сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалган. Бул каражаттар Ош облусундагы Кең-Сай турак жай конушунун жолдорун куруу үчүн каралган.