13 млн сомду ыйгарып алган деп Эсеп палатасынын түштүктөгү тескөөчүсү кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Эсеп палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча тескөөчүсү бюджеттен 13 млн сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясы маалымдады.

Ведомтсвонун маалыматына ылайык, Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды. Ошондой эле, буга чейин ушул сотко чейинки өндүрүш боюнча «С.Т.» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси кармалган.

«Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарынын Кең-Сай турак жай конушунун кире беришиндеги жана ички жолдорду куруу боюнча келишим түзгөн. Андан кийин 42,9 млн сомдон ашык которгон. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштардын көлөмү 13 миллион сомго жакын», — деп маалымдады финполиция.

Мындан сырткары, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, аталган ЖЧКнын кызыкчылыгын коргогон кызмат адамдары аныкталууда. Ошондой эле, акчаны мамлекеттик бюджетке кайтаруу иштери жүрүп жаткандыгы белгиленген.

Оштогу Кең-Сай конушу

Кең-Сай массивин өздөштүрүүгө каражат коротулганы тууралуу журналист Ыдырыс Исаков иликтөөсүндө айтып берген. Анда Исаков 2010-жылы болгон Ош окуяларынан кийин жери жок шаар тургундары Оштун чет жакасындагы аймактарды басып алышканын түшүндүргөн.

Ал учурда Ош шаарынын жана Ош облусунун бийлиги жер басып алууну токтотуу үчүн Кең-Сай массивинен жер тилкелерин бөлүштүрүп, адамдарга таркатып берүүнү чечкен. Натыйжада массивдин 1 624 гектары 10 500 адамга бөлүштүрүлгөн.

Курулуш иштери 2011-жылы эле Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп турган учурда башталган. Бирок учурда ал жакта эч ким жашабайт, себеп дегенде суу да, электр жарыгы да, жол да жок.

Мындан тышкары, журналист Кең-Сайга жарык тартып келүү үчүн «СУТрансПромЖилСтрой» аттуу фирмага 240 млн сомдук буюртма берилгенин дагы айтып өткөн.

«Фирма 9 жыл ичинде Орусиядан эки трансформаторду алып келип койгондон башка иш кылган эмес. Атайын комиссия бул фирма 134 млн сомдук гана иш аткарган деген тыянакка келген», — деп айтып берген журналист.

Өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн баасы боюнча бул транформаторлордун ар бири, финполдун жаңы маалыматтары боюнча да 10-11 млн сомго чукул акчаны түзөт.

Тема боюнча:

Журналист Ыдырыс Исаков иликтөө чыгарды. Анда фигуранттардын бири — Сооронбай Жээнбеков

Журналисттик иликтөөдөн кийин финпол Оштогу конуштан 73 млн сом зыян келгенин тапты