Чыгаан актриса Жамал Сейдакматова көз жумду

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса Жамал Сейдакматова узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Ал 82 жашта болчу.

Сейдакматованын келини актриса Асел Чоткараева билдиргендей, маркум 16-февралга караган түнү саат 03:05те дүйнө салды.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. Ал кино искусствого 19 жашынан баштап аралашкан. Алгачкы жолу «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында роль жаратып, табиятынан берилген талант менен элге таанылган.

1989-жылы алгачкылардан болуп «Тунгуч» көз карандысыз кыргыз театрын ачып, анын көркөм жетекчиси болгон. Сейдакматовага 1970-жылы «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисткасы» наамы берилеген, ал эми андан алты жылдан кийин «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына татыган.

Ошондой эле, 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон жана «Манас» ордени менен эки жолу сыйланган.

Сейдакматова «Азоого чалма», «Отелло», «Кылым карытар бир күн», «Олжобай менен Кишимжан», «Омар Хайямдын махабаты», «Төрт адам», «Кыз күйөө», «Күттүргөн жазда келээр», «Ай тутулган түн», «Үйлөнүү», «Ак боз ат» тасмаларында роль ойногон. Мындан сырткары, 2014-жылы «Курманжан Датка» фильминде Курманжандын 90 жаштагы образын жараткан.

«Клооптун» жамааты актрисанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.