Премьер-министр: Өкмөт студенттердин окуу акысын түшүрүү маселесин карайт

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров студенттер менен жолукту

Өкмөт аралыктан окуган студенттердин окуу акысын түшүрүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов фейсбук баракчасында өлкөдөгү бир нече маселелерге токтолуп жатып билдирди. Анын айтымында, окуу акысын түшүрүү маселеси жакынкы аралыкта чечилет.

«ЖОЖ жетекчилери буга чейин студенттердин келишим акысын карап чыгып, аны 1000 сомго арзандатуу мүмкүн экенин билдиришкен. Биз ага макул эмеспиз, ошондуктан башка жолдорун карап жатабыз», — деген өкмөт башчы.

Буга чейин 15-февралда онго жакын студент Билим берүү жана Илим министрлигинин имаратынын алдына митингге чыгып, окуу акысын 50%га чейин түшүрүүнү талап кылышкан. Алар «окуу жайдын жетекчилиги менен министрлик бул маселеге көңүл бөлгүсү келбей жатканын» айтышкан.

«Пандемия башталгандан бери бир жыл бою үйдө онлайн окудук. Интернет, коммуналдык кызматтардын акысын өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Университеттин электр энергиясын, жылуулугун жана башка чыгымдарын кетирген жокпуз. Буга чейин биз билим берүү министри, ректорлор менен биргеликте пресс-конференция өткөргөнбүз. Жыйынтыгында бизге жардам берилет деген, бирок жооп дагы деле жок», — деген министрликтин имаратынын алдыга митингге чыккан студенттердин бири.

Нааразы болгондорду министрдин орун басары Нурлан Омуров кабыл алган. Анын айтымында, пандемия учурунда ЖОЖдор окуу акысын 10-15% чейин төмөндөткөн. Бул өз кезегинде 117 млн сомду түзгөн. Андыктан пандемия учурунда жогорку окуу жайлар студенттердин окуу акысын арзандатпай койду деген орунсуз экенин кошумчалады.

Буга чейин Ош шаарында окуган студенттер өзгөчө абалга байланыштуу ЖОЖдордон окуу акысын төлөөнү белгилүү бир убакытка жылдырып берүүнү суранышкан. Айрым университеттер өзгөчө абалга карабастан контракттын калган бөлүгүн төлөөнү талап кылып жатышканын кабарлашкан.

Кыргызстандагы университеттер коронавирус пандемиясынан улам март айында онлай окууга өтүшкөн. Учурда дагы жогорку окуу жайларда окуу онлайн түрдө уланууда.