Видео: Финполчулар Ленин райондук милициянын тергөөчүсүн пара алып жатканда кармады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында пара опузалаган милициянын тергөөчүсүн кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 17-февралда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Каржы полицияга жаран кайрылып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кылмыш ишти «оң жака» чечип берүү үчүн акча опузалаганын билдирген.

«Каржы полициянын кызматкерлери Бишкек ШИИБинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгында Ленин РИИБинин тергөөчүсү “К.Н.” пара алып жаткан маалында кармалды», — деп билдиришти Каржы полициядан.

Тасмада көрүнүп тургандай, тергөөчү пара менен кармалган учурда акчаны жерге таштап салган.

Биринчи май райондук соту кармалган тергөөчүнү эки айга №1 тергөө изоляторуна киргизди.

2020-жылдын 21-декабрында Каржы полиция 3 миң АКШ доллар опузалаган Сокулук РИИБнин кызматкерин кармаган. Милиционер жабырлануучудан 100 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшкөн.