Акыркы суткада коронавирус жуктурган бир киши каза болду, жаңы 70 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 18-февралда коронавирустун жаңы 70 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 26;

Чүй облусу — 17;

Ысык-Көл облусунда — 10;

Нарын облусу — 3;

Талас облусу — 2;

Жалал-Абад облусу — 3;

Баткен облусу — 3;

Ош облусу — 6.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 689га жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 976.

Ошондой эле, акыркы суткада 73 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 34, Чүй облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 2, Ош шаарында — 1, Ысык-Көл облусунда — 9, Нарын облусунда — 4, Баткен облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 82 525 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 418 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 21 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 360 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 447 киши көз жумду.

Ошондой эле Бишкек шаарында эмгектенген төрт медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада алты медик айыкты. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 201ге жетти, анын ичинен 4 132 медкызматкер илдеттен айыкты.