Депутат Аида Касымалиева 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында парламентке келип түшкөн, ошол эле убакта коомдук талкууда болуп жаткан Конституциянын долбоору президентке импичмент жарыялоо процессин мүмкүн кылбасын билдирди.
«Конституциянын долбоору боюнча импичмент жүргүзүү мүмкүн эмес. Биринчиден, 45 депутат макул болушу керек, экинчиден, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун корутундусу керек болот. Эгер реалдуу карап айтсак, анда импичмент жарыялоо процесси — эч мүмкүн эмес», — деп билдирди ал.
Мындан тышкары, Касымалиеваны мыйзам демилгелей ала тургандардын тизмеси дагы ойго салды. Учурда бул 10 миң адам (элдик демилге) же депутаттар. Жаңы редакция боюнча бул демилге президент, министрлер кабинети, Жогорку сот менен Башкы прокуратуранын жетекичилигине жана Элдик Курултайга дагы берилет. Ошол эле кезде президент менен министрлер кабинетинин сунуштарын эл өкүлдөрү биринчи кезекте карашы керек болот.
Касымалиева «эгерде прокуратура менен соттор мыйзам долбоорун демилгелей турган болсо, алар ведомствонун кызыкчылыгын көздөшү мүмкүн» деп кооптонууда.
«Элдик Курултай — байкочу жана кеңеш берүүчү орган, анан алар кантип мыйзам долбоорун демилгелейт? Анан кайдагы атаандаштыкты айтып жатасыздар? Жогорку Кеңешке күч келет, мыйзам долбоорлорунун сапаты төмөн болот. Ошондуктан, кандай болсо ошондой калтырууну сунуштайм. Эгерде депутаттар эл тарабынан шайланса, Элдик Курултайдын эмне кереги бар [бул максаттарга]?» — деп суро узатты ал.
Касымалиеванын айтымында, акыйкатчынын аппаратына Конституциянын долбоору боюнча Венеция комиссиясынын пикири менен талдоосун алуу үчүн кат жөнөтүлгөн.
Депутат «Парламент» радиосунун эфиринде Конституцияны өзгөртүү маселесине тыкыр мамиле кылууга дагы чакырды.
«Процедуралык жактан алганда Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору каттоодон өткөн соң, аны өзгөртүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, каттоого чейинки талкуунун, андагы айтылган сунуштардын мааниси абдан чоң» — деп эскертти ал.
Негизинен Касымалиева депутаттардын саны 90 деп сунушталганына макул эмес, себеп дегенде бул учурда «калыстыкты камсыздоо кыйла кыйынчылык жаратып калат».
Касымалиеванын айтымында, азыр Кыргызстандагы башкаруу формасынын трансформациялануу процессине эл аралык коомчулук көз салууда.
«Эл аралык коомчулукта мамлекеттик түзүлүш парламенттик формада болгондо колдоого алган уюмдар бар эле. Алар дагы азыр алдыдагы кызматташуу кандай багытта өнүгө тургандыгына байкоочу катары карап жатышат», — деди ал.
Анткен менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Касымалиевага жаккан жерлер дагы бар.
«Ошол эле мезгилде Конституциянын жаңы редакциясында социалдык секторго, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин категориясына каралган шарттар жакшы болгондугун — жакшы артыкчылык», — деп эсептейт ал.
Номер экинчи Конституция
9-февралдагы Конституциянын долбоору — октябрь окуяларынан кийин бийликке Садыр Жапаров келгенден бери сунушталган экинчи долбоор. Биринчи версия 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган, бирок дароо эле сындалып, «Ханституция» деген аталышка ээ болгон, анткени президентке чексиз бийлик берилген болчу.
Андан соң президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, анын курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү — Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, Конституциянын жаңы долбоорунун демилгечилери, ошондой эле манас таануу, кыргыздардын салттуу билими жана руханий дүйнөсү жаатындагы адистер. Кеңешменин легитимдүүлүгүнөн бир катар юристтер күмөн санашкан, бирок алар ишин улантып, жаңы долбоор иштеп чыгышты.
Долбоор 9-февралда парламенттин сайтында жарыяланган. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин парламент караганга чейин коомдук талкууга коюлган.
Бирок бул версияда дагы бир катар так эместиктер, укуктук кагылышуулар жана адам укуктарын бузган учурлар бар. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду анализдеп, ал парламенттин кароосуна коюу үчүн өтө эле чийки жана кайра кароого муктаж деп баалашкан. Кыргызстандын юристтер жамааты сыяктуу эле, алар кайрадан дыкат карап чыгууну жана текстти текшерүүнү, аны дүйнөлүк укуктук стандарттарга жана эл аралык макулдашууларга ылайыктап иштеп чыгууну сунушташкан.
Кыргызстандын юристтер жамаатынын өкүлдөрү дагы текстти дыкат иштеп чыгуу жана окуп чыгууну суранууда. Учурда орфографиялык, пунктуациялык жана укуктук так эместиктерден улам Конституциянын орус жана кыргыз версиялары бири-биринен айырмаланып турат, ошол эле кезде кыргызча варианты башкысы болуп эсептелинет.
Ошондой эле, «Бир Дүйнө» укук коргоо уюму 15-февралда парламенттин спикери Талант Мамытовго кайрылуу жарыялады. Анда укук коргоочулар кеңешменин мүчөлөрү жана «радикалдуу топтордун өкүлдөрү» долбоорго одоно жана демократияга каршы келген беренелерди кошумчалаганын билдиришкен.
Кайрылууда укук коргоочулар Мамытовду Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда шашылбай, «ийгиликтүү өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасындагы жаңы Конституция кабыл алуу принциптерин эске алууга» чакырышкан.