«Манас» аэропортунун экс-башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Башкы прокуратура 17-февраль күнү «“Манас” Эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын мурдагы башчысы Мурат Примбердиев кармалганын кабарлады.

Ал чет элдик компаниянын жүк ташуусу үчүн жеңилдиктерди берүүдө коррупцияга аралашкан деп шектелип жатат.

Ал ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Примбердиев 2019-жылдын июнь айынан 2020-жылдын октябрына чейин «“Манас” Эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын жетекчиси болгон. Ал эми 2020-жылдын ноябрь айынан тартып компаниянын төрагасынын экономика, финансы жана социалдык өнүгүү боюнча орун басары кызматын аркалаган.

«Манас» аэропортундагы коррупция

Мурдарак Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен биргеликте эл аралык аэропорттогу «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын жооптуу адамдары тарабынан чет элдик компанияга эл аралык каттамдардын жүктөрүн тейлөө үчүн жеңилдиктер берилгени боюнча коррупциялык схеманы аныктаган.

Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, берилген жеңилдиктердин айынан малекеттик казынага 2016-жылдын июнь айынан тарта 2020-жылдын ноябрь айына чейин 12 млн доллар же 893 млн сом зыян тийген.

Бул иш боюнча буга чейин бир нече адам кармалган. Ал эми 1-февралда «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнын экс-башчысы Нурсултан Белеков дагы кармалган.

9-февралда «“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын экс-төрагасы Эмир Чукуев кармалган. Анда Чукуев 2015-2018-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турганда Түркиянын «Gata Havayollari ve Tasimacilik» фирмасына эл аралык жүк ташуулар үчүн мыйзамсыз жеңилдиктерди берген. Анын кесепетинде мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян тийгени айтылган.

Ошондой эле, укук коргоо органдары «“Манас” эл аралык аэропорту» ААКнын директорлор кеңешин башкарган баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовду, «Манас» аэропортунун кызматкерлерин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана мамлекеттик монополияга каршы агенттигинин кызмат адамдарын дагы жоопкерчиликке тартуу маселесин карап жатат.

===========================