«Чек араны он эсе бекемдейбиз». Ташиев Баткендеги жолугушууда эмнелерди айтты?

Сүрөт: Turmush

УКМКнын төрагасы, мамлекеттик чек ара маселелери боюнча делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен 18-февралда жолугушту. Анда ал чек ара, жерлерди алмашуу, Төрткүл суу сакчагычы, экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин кармалышы, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго чыккан сөт өкүмү тууралуу ойлорун бөлүштү.

«460 километрге жакын такталбаган тилкелер бар»


Урматтуу туугандар, өзүңүздөр жакшы билесиздер, бүгүнкү күндө Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен жеринде 460 километрге жакын такталбаган чек арабыз бар. Эң оор, эң кыйын участоктор калды. Өтө оор сүйлөшүүлө боло турган участоктор. Бирок буларды оор деп эле биз таштап койбостон баарын чечебиз. Коңшу мамлекет менен биргеликте, ынтымактыкта, достукта дипломатиялык таризде сүйлөшүп чечебиз.


Эки мамлекетте тең чек ара боюнча комиссия бар. Ошол эки мамкомиссия сүйлөшүп, ал жакта 20дай адам, бизде 20дай адам сүйлөшүп отуруп, ошол маселени чечкенге милдеттүү болот. Бул маселе кайсы бир тараптын күчү менен чечилбейт. Сөзсүз сүйлөшөбүз. Сөзсүз акылдашабыз, макулдашабыз. Анан чечебиз.

Өткөндө мына «Садыр Нуркожоевич келип жерди сатып жибериптир, Ташиев келип сатып жибериптир» деп чагымчылдык кылып айтып жатышпайбы.

Мына мени жакшы билесиздер, көп жылдардан бери. Садыр Нургожоевичти жакшы билесиздер. Мамлекеттин башында турган ушундай адамдар кантип эле биздин 1 метр жерибизди берип койсун? Кантип эле биз элге каршы чечимдерге кол коюп калалы? Андай эч качан болбойт туугандар. Ошон үчүн мындан эч кыжалат болбоңуздар.

Силердин кыжалатчылыгыңарды алайын, токтотоюн деп атайын келдим. Коомдогу сөздөргө бөгөт коёлу. «Мына чек араны чечебиз дешти эле, таштап коюшту» деген сөздөрдү угуп жаттым. Өзүңөр да угуп жаттыңар. Андай эмес!

Биз бул бийликкке бир нерсени утуп алып, бир нерсени тартып алып келген жокпуз. Кудай буюрса кудай берген мүмкүнчүлүктү, элдин берген бийлигин элге кайра иштетип, элдин көйгөйүн чечүүгө милдеттүүбүз. Эч качан силер кыжаалат болбошуңар керек. Ошол чек ара комиссиясынын үстүндө мына мен турам!

«Жергиликтүүлөр бизге басым кылбай, көмөк көрсөтүшүңүздөр керек»

Бул тез эле, 10 күн, 15 күн, бир айда же эки айда чече коё турган маселе эмес экен. Жөн эле чечилип кетпейт экен. Ал үчүн силер да жардам беришиңиздер керек. Силер жергиликтүү жашоочулар басым көрсөтүп, «Же чечесиңер же болбосо силерди андай кылабыз, мындай кылабыз» деп бизге басым көрсөтпөй, кайрадан бири-бирибизге жардам берип иштешибиз керек.

Силер бизди коркутуп, анан биз келип иштешибиз керек эмес. Биз элден коркуп эмес, биз өзүбүздүн жүрөгүбүздөн чыгып аракет кылып жатабыз.


Урматтуу жаштар, кызуу кандуулукка алдырып ызы-чуу боло бербегиле. Биз көйгөйдү билебиз. Көп нерсени бул жерде айта албайм. Эгер айтыла турган болсо, анда мамлекеттик, аскердик сыр болбой калат. Мамлекетибиздин коопсуздугун сактоо үчүн биз бардык чараларга барабыз.


«Чек араны он эсеге бекемдейбиз»

Мына ушул Ак-Сайдын тегерегинде ар дайым проблема болуп келген. Жана ошол көйгөйлөр дагы эле болуп жатат. Кече жакында эле жайлооңор боюнча боюнча көйгөй болду. Аны чечүүнү дагы да сүйлөшүп жатабыз.

«Жайлообуздун көйгөйүн качан чечесиңер? Чечесиңерби жокпу?» деп бизди кокодон албагыла. Биз чечебиз. Бул жерден алар «момундай айландырса, биз момундай айландырабыз». Жөн карап отурбайбыз. Чек ара кызматын күчтөндүрөбүз.


Биз жылына 15 километрдин тегерегинде эле демаркация жүргүзөт экенбиз. Мындан ары 150 километрдин тегерегинде жүргүзөлү деп жатабыз. Он эсе көп. Чек араны он эсе көп бекемдейбиз.


Жүргүзүлчү жумуштардын көпчүлүгү Баткен облусунда болот. Туура, биздин башка да көйгөйлөрүбүз бар. Жалал-Абадда Өзбекстан менен такталбаган чек араларыбыз бар. Өзбекстан чек арасы боюнча мамлекеттик комиссияда да мен жетекчимин. Чек ара боюнча милдеттүү, чоң кызматкер мен болуп эсептелем. Чек арада эмне болсо, ошого мен милдеттүүмүн.

Жакшы билесиздер, президент менен түздөн-түз байланыштамын. Мүмкүнчүлүгүм бар. Ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп туруп, элдин көйгөйүн буюрса чечебиз. Ал үчүн силер да түрткү болушуңар керек. Жардам беришиңер керек.

«Кээ бир участокторду коңшу мамлекетке берүүгө туура келет»

Бул маселе өзүбүз келип туруп эле каалагандай [зым] тарта берген болбойт экен. Кээде коңшуларыбыздын көңүлүнө карап калат экенсиң, кээде ошолор бир айдагы сүйлөшүүнү эки айга созуп жиберет экен.

Биз мына үч айдан бери айтып отуруп, март айында эки мамлекеттин тең мамкомиссиясынын ишин жандандыруу боюнча сүйлөштүк. Өзбекстан менен да сүйлөштүк.


Жер бул элдин, мамлекеттин тагдыры. Ушундай эле тагдыр коңшу мамлекеттерди күтүүдө. Алар да бизге окшоп тытынып турушат. Ошон үчүн кээ бир жерде, кээ бир участокторду биз аларга беребиз. Кээ бир участокторду алардан алабыз. сүйлөшүү алыш-бериш менен гана бүтөт.


Бардык нерсени ала берип, баары биз каалагандай гана чечиле турган маселе эмес. Кээ бир жерде ичиң ачышат. Бир жерден онду алыш үчүн, башка жерден эки-үчтү бергенге туура келип жатат. Муну силер туура түшүнүшүнөр керек, «мына бул жайлообуз кетип калды, жерибиз кетип калды» дебей.

Кээде биз, Жалал-Абаддын Ала-Букасынан жерди берсек, ошол эле мезгилде Жалал-Абаддын Сузагынан жер алып жатабыз. Же Оштун Өзгөнүнөн берип жаткан болсок, Сохтун дагы башка жеринен алып жатабыз.

Анан биздин гана жерибиз кетип калды дебейли. Бул жер силердин гана эмес, мамлекеттин да жери. Кайсы бир бурчтан көбүрөөк алуу үчүн мамлекеттин кайсы бир бурчун бересиң.

Силер кичинекей эле бир жерди кармап алып, «менин жерим эмне үчүн кетип калат» дей бербей, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүшүңүздөр керек.

Төрткүл суу сактагычы жана Тажикстан тарап «отургузган көчөттөр» тууралуу

Төрткүл суу сактагычы, анын башы-аягы толук бойдон Кыргызстандыкы. Эч кандай башка мамлекет боюнча сөз болушу мүмкүн да эмес.

Тажик тарап өздөрүнүн аймагы деп эсептеген жерге бак тигип жатышат. Бирок ал дагы алардын аймагыбы же алардын аймагы эмеспи белгисиз. Ал дагы талаш жер. Такталбаган жердин баары талаш жер. Такталбаган аймакка тигилген көчөттөр алынат.

Ошондой эле Тажик мамлекетинин биздин чек арага жакын жерге куруп жаткан социалдык объектилери боюнча биз жакын арада чечимдерди кабыл алабыз. Эгерде алар мыйзамдын негизинде, протоколдун негизинде токтотпой турган болсо анда жана башында айткандай ошолорго жараша адекваттуу чараларды колдонобуз.


Бир сотых жерди да бирөө бирөөгө бербейт. Бирок, эгерде биз чечим кабыл алсак, ошого баш ийүүгө милдеттүү болосуздар. Ошондуктан бизди мамкомиссия дейт. Биз ошол чечимдерди кабыл алууга эмне түрткү болгонун айтып беребиз.


Экс-муфтийдин кармалышы жана Матраимов боюнча

Мурдагы муфтий Токтомушев боюнча мен ойлойм, анын камалганын мыйзам чегинде дагы бир жолу карап чыгыш керек. Бирок мусулмандыктын негизинде, ар-намыс, ариеттин негизинде бул бир аз туура эмес болуп калды деп эсептейм.

Эгерде ал Кыргызстандын мыйзамдарын бузган болсо, жооп берүүгө милдеттүү. А бирок биз мусулман калкы катары өзүбүздүн муфтийлерибизди, аалымдарыбызды колдоп, кубатташыбыз керек.

Матраимовдун соту боюнча, мен ошону алыс жакта жүргөндө уктум. Анын банк эсептерин, үй мүлктөрүн сот бошотуп жибериптир деген маалыматты уктум. Бүгүн кечинде барып, ошол маалыматтарды топтоп, документтерди бир сыйра карап чыгам. Матраимов боюнча мен эртеңден баштап чара көрөм го деген ойдомун.

*Экс-бажычы Райымбек Матраимов Камчыбек Ташиев келген күнү, 18-февралдын кечинде, кайрадан кармалганы белгилүү болду.