Коронавирус 59 кишиден аныкталып, 107 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 20-февралда Кыргызстанда коронавирустун 59 жаңы учуру катталганын маалымдады. Алардын арасында бир медик бар.

COVID-19дун эң көп жаңы учуру Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 22 жана 18. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда — тогуз, Ош облусунда — сегиз, Ош шаарында жана Нарын облусунда бирден кишиде илдет аныкталды.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 107 бейтап айыкты — алардын ичинде жети медик бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — тогуз, Нарын облусунда — жети, Жалал-Абад жана Талас облустарында үчтөн, ал эми Баткен облусунда бир бейтап коронавирус инфекциясынан айыкты.

Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден киши көз жумду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 85 831ге жетти. Алардын ичинен 82 690 бейтап айыгып, 1 452 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 391 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 20 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 358 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.