Кара-Кулжада унаа жардан кулап, айдоочу, аялы жана 2 жашар небереси каза тапты

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи май айылында Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаа жардан кулап, анын кесепетинен үч киши каза тапты. Окуя 20-февралда орун алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан 60 жаштагы киши, 47 жаштагы аял жана алардын 2 жаштагы небереси каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу рулду башкара албай калган.

«Кырсык болгон жерге Кара-Кулжа районунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп берилет ӨКМдин маалыматында.

Мындан бир апта мурун Нарын облусундагы Кочкор районунда «Хонда Степвагон» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 7 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.