Кочкоров: былтыр өспүрүм кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Материал саат 20:00дө жаңыртылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров парламенттин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда өткөн жылы үймө-үй кыдырып текшерүүдө 10-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталганын билдирди. Аталган фактылар эч жерде катталбаганы белгилүү болгон.

Ал эми расмий маалымат боюнча 2020-жылдын төрт айында эле балдарга карата 44 зомбулук (кол көтөрүү), 24 зордуктоо, 12 психологиялык зомбулук фактылары катталган. Кочкоровдун айтымында, мындай окуялар адистердин жетишсиздигинен жана мониторинг кызматынын жоктугунан орун алууда.

«57 миң балага бир адис иштейт. Ар бир үй-бүлө менен жок дегенде он күндө бир иш алып барып туруу кажет. Кыздар менен аларга эч ким ыдык көрсөткөн жокпу деп сурап, сүйлөшүп туруу зарыл. Аны менен катар алардын өз өмүрүнө кол салуусуна эмне түрткү болуп жатканы тууралуу сүйлөшүү керек. Социалдык коргоо системасы бир гана арыз боюнча гана иштейт, бизге кайрылуу түшкөн учурда гана аларга кызмат көрсөтө алабыз», — деди Кочкоров.

2019-жылы 700 миң үйдү кыдырып текшерүүнүн жыйынтыгында 106 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталып каттоого алынгандыгын маалымдалды. Анын ичинен 5600 бала чоочун кишилердин кароосуна калтырылган: классташтарына жана коңшуларына.

Ошондой эле, ал мигранттардын балдарын каттоого алгандан кийин төрт бала үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан каза тапканын кошумчалады.

Мындан сырткары Кочкоров 51 бала жумушка тартылганын, төрт бала оор жумушта иштээрин жана 585 бала мыйзам менен ар кандай жоопкерчиликке тартылганын белгиледи.

Комиттеттин отурумунда Балдар жөнүндө кодексти кайра карап чыгуу, балдарды коргоо чөйрөсүндөгү кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

Кыргызстанда карантин учурунда Ысык-Көлдө беш жана Чүйдө эки өспүрүм бала асынып алган. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Элмира Үсөнова «24 kg» басылмасына өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусуна ата-энеси менен болгон жаңжал себеп болгонун билдирген. ИИМ аталган фактылар териштирилип жатканын белгилеп, депрессияны алдын алууда ата-энелер маанилүү роль ойнорун эскерткен.