КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров 22-февралда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маектешүүдө Си Цзиньпин Садыр Жапаровду президенттик кызматка расмий киришкени менен куттуктап, Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын дагы талкуулашты: соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктады. Ал кытай тарапка «ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде Кытай өкмөтүнүн кыргыз элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине» ыраазычылык билдирди.

Мурдарак Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень 2021-жылы январда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда Кытайдын өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы бекер вакцина бере турганын маалымдаган.

«Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы өзгөчө мамилелерди эске алуу менен КЭРдин өкмөтү биринчилерден болуп Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы кытай вакцинасын бекер берүү чечимин кабыл алды», — деп билдирген ал.

Казакбаев өз кезегинде Кытайдын өкмөтүн вакцина түрүндө көрсөтүлүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, «бул эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн көрүнүктүү далили» болуп саналарын айткан.