УКМК: Маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси 84 миң сом пара алып жатканда кармалды

Маалымат 16:00дө жаныртылды.

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-февралда Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчисин акча опузалоого шектеп кармады. Атайын кызмат маалымдагандай, кармалган киши сайттан видеотасманы өчүрүү үчүн айдоочудан 84 миң сом алып жаткан учурда кармалган.

«Видеотасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Акча опузалоо» беренеси менен катталып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кармалган шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кактус» басылмасы акча опузалоого шектелип кармалган киши «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова экенин жазды. Атайын кызмат шектүүнү М.Ү.К. инициалы менен берген. Буга Мукамбетова дал келет.

Мындан сырткары, «Кактус» өздүк булактарына таянып, УКМКга арыз жазган айдоочу Мукамбетовага маалымат жыйын куруу үчүн мейманканын чыгымдарына акча бергендигин маалымдады. Мукамбетова ошол учурда УКМК тарабынан кармалган.

«Аталган видеодо алгач айдоочу өзүн ар башка ат менен атап, андан кийин ар кимге, анын ичинде Садыр Жапаровго да чала баштайт. Видеотасма бир нече ресурстарга жайгаштырылат. Андан кийин видеонун баш каарманы өзүнүн аракети тууралуу маалымат жыйын куруу үчүн сайттын жетекчилигине кайрылган», — деп жазылат.

Ошондой эле, маалыматта арыз жазган айдоочу менен сайттын жетекчиси буга чейин тааныштыгы бар болгондугу белгиленген.

Буга чейин 9-январда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип блогер Улан Жураев жана жарандык активист Мелис Аспеков кармалган.

Кармалгандар «аталган ишкананы финансы полиция текшерет жана жетекчиликке каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен акча талап кылышкан.

Учурда аларга карата «Опузалап талап кылуу» беренеси менен тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Блогер Улан Жураев 23-январда үй камагына чыгарылган. Ал эми Аспеков тергөө изоляторунда калтырылган.

Мелис Аспеков 30-октябрда президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетекчиси болгонун айткан. Анткен менен Садыр Жапаров 10-январда Аспеков спортчуларга үгүт маалында акча бергени айтылгандан кийин териштирүү жүргүзүлүп, ал анын штабына тиешеси жок экенин билдирген.