ЖМК: Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант наамы берилди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант наамы берилди. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен жазды.

Андан сырткары УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бекбосун Апсатаров генерал-майор наамын алды. Алдын ала маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка 22-февралда кол коюлган.

Ташиевдин буга чейин генерал-майор аскердик наамы бар болчу.

Ташиев февраль айынын башында Германиядан жүрөгүнө операция жасатып келди. Ал 2020-жылдын ноябрь айында дагы ооруканага жатып чыккан.

Ал Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын (2005-2007-жылы жана 2010-2013-жылы) депутаты болгон. Андан сырткары 2007-2009-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган. УКМКнын төрагасы болуп 16-октябрда дайындалган. Ал учурдагы примьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен дос. Ошондой эле, алар «Мекенчил» партиясынын тең негиздөөчүлөрү. Бул партия шайлоого алгачкы жолу 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо катышкан. Мындан тышкары, алар 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынын курамында бирге келишкен.