Максат Сабиров депутаттык мандатын тапшырды

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатын тапшыра турганын Жогорку Кеңештин 24-февралдагы отурумунда кабарлады.

«Бүгүн мен ушул трибунада туруп өзүмдүн мандатымды өзүмдөн кийинки жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим», — деди Сабиров.

Ал ошондой эле, жалпы кыргызстандыктарга жана партиялаштарына ыраазычылыгын билдирип, төрага Талант Мамытовго ийгилик каалады.

Сабиров 2010-жылы «Республика» партиясынан депутат болуп шайланып, 2014-2015-жылдары аны жетектеген. Ал эми 2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген.

«Бул бийликти жок кылбасак оңолбойбуз!»

Өткөн жылдын июль айында соцтармактарда Максат Сабировдун атынан бийликти сындаган аудиожазуулар тараган. Үнү депутаттыкына окшош киши Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жана Маман айылынын тургундарына кайрылып, «бийликке чуркагандардын оппозициясы» болгонун айткан. Ошондой эле, ал эгерде «өлүп калса» жердештерин «күрөшүүгө» чакырган.

Үнү Сабировго окшош киши «эртеңки күндөн баштап ачыгын айта турганын» билдирип, «мамлекетти бузуп олтурган» бийлик өкүлдөрүн катуу сындаган.

«Айланайын аксуулуктар, бириккиле, күрөшкүлө, көтөрүлгүлө! Бул бийликте ыйман жок. Ырыскы жок. Мен бүгүндөн баштап, ушул бийликке, мен мурда эле каршы болчумун, дагы каршы чыгам! Айланайын кыргыз элим, бир туугандарым, айланайындар, эгерде бул бийликти жок кылбасак, биз эч качан оңолбойбуз, өспөйбүз-өнбөйбүз. Балдарыбыз, мамлекетибиз жок болот», — деп кайрылуу жасаган.

Кийинчерээк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул аудиожазууларда «конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар» бар же жоктугун аныктоо үчүн экспертиза дайындаган.

Ал эми Сабиров бийликке каршы чыгууга чакырык жасабаганын айткан. Сабиров досу Бейшен Дүйшембиевди каракчылар үйүнөн өлтүрүп кеткенден кийин ачуусу келип «Эмне болгон мамлекетте жашап жатабыз?» деген суроону гана узатканын билдирген.