Ошто кызды экинчи жолу ала качууга аракеттенген киши 5 жылга кесилди

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Гази Бабаярова

Ош облустук соту 20 жаштагы кызды экинчи жолу ала качууга аракеттенген Ноокат районунун 30 жаштагы тургунун беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Өткөн жылдын 2-сентябрына караган түнү Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө калаа тургуну курбусу менен жумуштан үйүнө баратканда эки киши аны «ала качууга» аракет жасашканы белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, шектүүлөр жабырлануучунун алдын тороп, күч менен унаага салууга аракет кылган.

Ал эми кыз каршылык көрсөтүп кыйкыра баштаганда ошол жерде жашаган милиция кызматкери Эрмек Арзиев кызды куткарып калган. Окуядан соң Ош ШИИБи «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Ошондой эле шектүүлөр изделип жатканы кабарланган.

Анда жабырлануучу шектүүлөрдүн бири аны экинчи жолу ала качууга аракеттенгенин билдирген. Анын айтымында, жарым жыл мурда ошол эле балдардын тобу аны унаага салышып, Ош облусунун Ноокат районуна алып барышкан.

«Үйүнө барганда “эгерде мени үйүмө алып барып койбосоңор, үстүңөрдөн арызданып каматам” дедим. Анан атасы: “Кызды кайсы жерден алып келсең, ошол жакка жеткирип кой” деп айтты. Мени кайра үйгө алып барып, кечирим сураганда кечирген болчумун», — деген жабырлануучу.

Көп өтпөй бала кыздын WhatsApp мессенжерине союлган жана сабалган кыздардын сүрөттөрүн жөнөтүп, «мага тийбесең акыры сени ушунтип союп кетет окшойм» деп коркута баштаган. Мындан улам кыз жашаган дарегин, иштеген жерин жана телефонун алмаштырууга аргасыз болгон.

Мындан сырткары ал милицияга арыз менен кайрылып, шектүү ага жөнөткөн сүрөттөрдү жана каттарды да көрсөткөн. Бирок белгисиз себептерден ал арыз катталган эмес.

Бирок экинчи ала качуу боюнча иш Ош шаардык сотуна чейин жетип, айыпталуучу «Адамды никеге туруу максатында уурдоого» аракеттенүү беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот аны 5 жылга эркинен ажыраткан. Аталган өкүм өткөн жылдын 30-ноябрында чыккан.

Ошондой эле сот отурумунда айыпталуучу буга чейин да «Ээнбаштык» беренеси менен 7 жылга шарттуу түрдө кесилгени айтылат.

Сот өкүмү чыккан соң анын жактоочусу аппеляциондук даттануу келтирип, Ош облустук сотуна кайрылган. Анда ал айыпталуучу менен жабырлануучу буга чейин кыз-жигит болушканын жана кыз айыпталуучуга 72 миң сом карыз болгонун айткан. Анын сөзүндө айыпталуучу кыздын үйүнө «дал ошол акчасын сураганы барган».

Ал эми отурумда жабырлануучу аны ала качкан кишиге доосу жоктугун айтып, жазадан бошотууну суранган. Бирок облустук сот айыпталуучунун доо арызын жана кыздын тосмо арызын канааттандырган эмес. Шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Мындан эки жыл мурун Бурулай Турдалы кызы алакачылып, киши колдуу болгон — бул коомдо чоң резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качкан. Экинчи жолкусу Бурулайдын өлүмү менен аяктаган. Милиционерлер кызды ала качкан Марс Бөдөшевди кармап, жабырлануучу экөөнү бир бөлмөгө калтырышкан. Кийинчерээк Бөдөшев кызды бычактап өлтүргөнү аныкталган.

Бурулайды ала качкан адам менен ага жардам бергендер соттолуп, кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиционерлер айып пул төлөө менен кутулган. Бул иштин алкагында 23 милиционер жоопко тартылган — алардын ичинен айрымдары бошотулуп, дагы башкаларына катаал сөгүш жарыяланган. Ал эми кээ бирлерине карата сыноо мөөнөтү берилген.

Коомдо дагы деле кыздарды уурдап никеге мажбурлап тургузуу учурлары катталып келет.