«ПолитКлиника»: «Металл-Кен» «Кайыңды кабель заводунун» мамакциясын сатып алууга даяр

«Металл-Кен» компаниясы «ПолитКлиника» басылмасынын редакциясына «Кайыңды кабель заводу» ААКсындагы мамлекеттин акциясын сатып алууга даяр экени тууралуу билдирүү жолдоду. Мындай жол менен фирма басылманын заводдун мүлкүн өткөрүп берүүгө депутат Алиярбек Абжалиевдин мурдагы аялы Гүлсара Сулайманова жана УКМК аралашкандыгы тууралуу иликтөөсүнө реакция кылган. 

«Металл-Кендин» директору Вань Шиэнь мамлекеттик үлүштү заводдун «мүлктүк комплексин алуу тарыхына байланышкан негизсиз спекуляциялардан качуу максатында» сатып алууну каалап жатканын билдирген.

«“Металл-Кен” ак ниет салык төлөөчү болуп келген жана боло бермекчи, анткени, бюджетке төгүлгөн акча каражаты жана социалдык төлөмдөрү 23 млн сомдон ашты. Бул завод ишке кирсе, [компания] өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктаарынан кабар берет», — деп «ПолитКлиника» директордун сөзүн келтирген.

Компания Гүлсара Сулайманова ортомчулук кызматты аткарган эмес жана заводдун мүлктөрүн берүү чечими кабыл алынган акционерлердин жыйыны регламентке ылайык өткөн деп билдирген.

Вань Шиэндин айтымында, буга Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду дагы макул эместигин билдирип, натыйжада фонд акционерлердин чечимин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет кылган.

Журналисттер Маммүлк фонду 2018-жылы «Кайыңды кабель заводунун» акцияларынын контролдук пакети Гүлсара Сулайманованын жакын туугандарына өткөнүн, алар өз кезегинде мүлктүк комплексти «Металл-Кенге» өткөрүп бергенин белгилешет. Сулайманова бул компанияда кытайлык инвесторлор менен катар фирманын ээлеринин бири болгон.

«ПолитКлиника» азыр компания кабел заводунун ордуна жаңы металлды кайра иштетүүчү ишкана куруп жатканын кабарлайт. Өндүрүш 2021-жылдын экинчи кварталында ишке кирери күтүлүүдө — 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам ачылбай калган.

«[Компания] калган жабдыктарды Кытайдан алып келүү, чет элдик адистердин келиши жана сыноо иштерин жүргүзүү боюнча болгон аракеттерин көрүп жатат», — деп жазган өзүнүн катында директор Ван Шиень.

«ПолитКлиниканын» маалыматында «Кайыңды кабель заводу» акционердик коому болсо заводдун мүлктөрү жаңы кожоюндарга берилгенден кийин өндүрүш кубаттуулугу жок калган жана ишкана өзү дагы ишмердүүлүгүн токтоткон.

Иликтөө

«ПолитКлиника» басылмасы «Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши» тууралуу иликтөөсүн 11-февралда жарыялаган. Журналисттер киреше таппай калган заводдун цехтери жана жерлери Гүлсара Сулайманованын — Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы — менен байланышы бар компанияга өтүп кеткенин аныкташкан.

Иликтөөчүлөр заводдун мүлктөрү жаңы кожоюндарга берилгенден кийин 24,79% акциясы бар мамлекет бир тыйын дагы албай калган, ал эми бул иштер атайын кызматтардын операциясынын фонунда өткөнүн белгилешкен.

«ПолитКлиниканын» маалыматына караганда, заводдун өндүрүш мүлктөрү 2018-жылы май-август айларынын аралыгында Сулайманованын туугандары — бир тууган иниси Кушбак Сулайманов жана күйөө баласы Айбек Турдубаев аркылуу — «Металл-Кенге» өтүп кеткен.

Журналисттер алар заводдун акционерлеринин арасына кирип, көзөмөл акция пакетине ээ болгонун жана акционерлердин жыйналышын демилгелегенин аныкташкан. Иликтөөнүн маалыматына таянсак, дал ушул жыйналышта заводдун мүлкүн карыздан кутулуу үчүн «Металл-Кенге» өткөрүп берүү чечими кабыл алынган.

Бирок компания эң маанилүү мүлккө — ишкананын негизги имаратына ээ боло албай калган. Имарат «Таргет Компани» кыргыз компаниясынын колдонуусунда болгон. Ушул жерден, журналисттердин айтымында ишке УКМК аралашкан.

Иликтөөчүлөр 2018-жылдын май айында күч түзүмдөрү «НДСти кайтаруу боюнча кылмыш ишине байланыштуу» «Таргет Компанинин» ээлерин жана башкы имаратты камакка алганын жазат.

«ПолитКлиниканын» маалыматына ылайык, ошол эле жылдын май айында Абжалиевдин мурунку жубайы жана атайын кызматтарга байланыштуу дагы башка окуя орун алган. Ошол кезде Гүлсара Сулайманова жана Айбек Турдубаев ээлик кылган «Аскарэнерго» компаниясы УКМКга тийиштүү болгон жерге офис курган жана Бишкектин Батыш тарабындагы УКМК коттедждерине электр энергиясын жеткире баштаган. Ушул эле компания кийинчерээк Кайыңды кабель заводуна дагы электр энергиясын жеткире баштайт.

УКМ бул маалыматты четке каккан.

Маммүлк фондусу менен соттошуу

Азыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду акционерлердин жыйналышынын мыйзамсыз экенин далилдеп, заводдун мүлкүн кайтарып берүү үчүн аракет кылып жатат, азырынча натыйжа боло элек.

Фонддун өкүлү, Акционердик коомдорду башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Тимур Малбашев журналисттерге айтып бергенине караганда, 2018-жылы жаңы акционерлер Маммүлк фондуна акционерлердин жыйыны болот деп айтып туруп, бирок башка күнү өздөрүнчө өткөрүп салышкан.

Малбашевдин айтымында, мамлекет акциялардын 24,79%ына ээ болгонуна карабастан, бул келишимдерден "бир тыйын дагы" алган эмес. Азыр эми бул акциялар жөн гана кагаз жүзүндө калган.

«Акционерлердин жыйыны мыйзам бузуулар менен өткөн, биз муну менен макул эместигибизди айтып, соттошуп жатабыз. Бир эле мыйзамдуу жол — бул чечимди жокко чыгаруу. Мунун эки жолу бар: биз бардык акционерлерди чогултуп кабыл алынган чечимдерди кайра жокко чыгарышыбыз керек, же биз соттун чечими менен жокко чыгарышыбыз зарыл. Биринчи жолго макул болушкан жок, биз сотту тандадык», — деген ал.

Депутат Абжалиев өзү «Металл-Кендин» өкүлүнүн телефон номерин журналисттерге берип, ал өз кезегинде мүлктүн өткөрүлүп берилиши боюнча айрым фактыларды тастыктап берген, бирок Маммүлк акционерлердин жыйынына келбей койгон деп айткан.