«Нур» партиясынын жетекчиси Мыктыбек Арстанбек 26-февралда экс-бажычы Райымбек Матраимов тууралуу өз оюн билдирди. Ал тасма тартып «Ютуб» каналына жүктөгөн. Анын айтымында, «бул баладан пайда көрбөгөн эч ким калган жок». Арстанбек алардын арасында мурдагы президент да бар экенин айтты. Бирок аты-жөнүн ачыктаган жок.

«Бардыгы ушул баланын багуусунда турду. Бардыгы жакшылык көрдү, эмнеге абалын сурап койбойт? Социалдык желеде “Райым аке, сабыр кылыңыз. Биз сиздин жакшылыгыңызды билебиз” деп чыгарып койбойбу жок дегенде. Же эл “Бунун коррупционерге тиешеси бар” деп айтып ийеби дейби? Тиешең бар да эми, жалганбы? Бирок адамгерчилик кылыш керек чындыгында», — деп билдирди ал.

Ошондой эле саясатчы «Райымдай балдарды иштетиш керек» деп эсептейт. Анын ою боюнча «Матраимов бүтүндөй бир элди өзү багып, анын ичиндеги менмин дегендерди дагы багып, саясий партия негиздеген».

«“Бир тыйыныңды иштетпе [...] акча десе акчасын бер дагы, шайланып кел. Анан мамлекетти мына мындай кылалы” деген күчтүү баланы, мындай баланы каматуу кимдин кызыкчылыгы болду билбейм. Балким башка мамлекеттердин кызыкчылыгы болду. “Сен убада кылдың эле, эми ушуну камайсың” деп каматып, жыргып отуруп калдык», — деди Арстанбек.

Өз кайрылуусунда партиянын лидери Матраимовдон тыйын албаганын жана ошентип ойлогон кишилер «өздөрү бузуку» деп белгиледи. Мындан сырткары экс-бажычы падемияда кайрымдуулук кылганын кошумчалады.

«Бекем бол! Эгерде эч кимдин акысын жебеген болсоң, адилеттүүлүк алдыда […] Негизгиси ичиң оорубасын, эл жакшылыкты унутпайт. Эл унутса дагы, кудай унутпайт. Сен кудай берген ырыскыны бөлүшкөн баласың», — деп жыйынтыктады сөзүн Арстанбек.

Тема боюнча: Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

Райымбек Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоолор болгону себеп. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.

Матраимов 11-февралда, «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, бошоткон болчу. Ошондой эле, сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Бажыдагы аткезчилик жана коррупция боюнча бир катар иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Матраимов бошотулгандан кийин өкүмгө нааразы болгон жарандык коом 14-февралда Бишкекте тынчтык жөө жүрүшүнө чыккан. Алар «Матраимовдун камалышын, акыйкаттуулук орношун жана бийлик элге кайтарылышын» талап кылышкан.

Марш болуп өткөндөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эгерде чет өлкөдөн экс-бажычынын мүлктөрү табылса тергөө уланат деп ишендирген

Матраимов УКМК тарабынан 18-февралда кайрадан кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Ал «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» айыпталууда. Матраимов 20-февралда эки айга камалган. 

Мыктыбек Арстанбек деген ким?

Мыктыбек Арстанбек — журналист жана халал-өнөр жайын өнүктүрүү борборунун башчысы. Негизинен ал тууралуу маалымат аз: ал бир убакта КТРде, андан кийин ЭлТРде иштеп кеткен. Ошондой эле ал мугалим да болуп эмгектенген, мындан тышкары, Кыргызстандын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер деген наамдын ээси.

Ал 29-декабрда өткөн теледебаттардын биринчи турунда адамдарда «жоопкерчилик пайда болушу үчүн» өлкөдө шариат мыйзамдарын киргизүү керектигин айткан. Арстанбектин айтымында, экономикалык реформалар дагы ислам экономикасынын негизинде жүргүзүлүшү керек. Ал дебаттагы жыйынтыктоочу сөзүндө «Кыргызстан мусулман өлкөсүнө айланмайын өнүгө албайт» деп билдирген.

10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Мыктыбек

Арстанбек добуш берүүгө келген шайлоочулардын 1,74%на ээ болуп,

үчүнчү орунга чыккан. Мындан тышкары, ал шайлоо программасында диний күн тартибин дагы сүрөмөлөгөн. Анын программасынын «Бүгүн ыймандын убагы» деген пунктунда «атеисттик караңгылыктан арылуу» тууралуу айтылат.

Ошондой эле Арстанбек Конституциянын жаңы долбоору каралып жатканда Баш мыйзамдан «светтик» деген түшүнүктү алып салууну жана анын ордуна «Ислам» динин киргизүүнү сунуштаган.

Тема боюнча:

Коррупциялык жаңжал 3 миң долларлык айып менен аяктады. Эң маанилүү жагдайлар

Иликтөө. Айэркен Саймаитини жалданма киллерлер кантип өлтүрүшкөн?

Матраимовдун бажы империясы