Спортчу Акыл Кемелов Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Акыл Кемелов

Борбордук шайлоо комиссиясы «Республика — Ата-Журт» фракциясынын өкүлү Акыл Кемеловго депутаттык мандат тапшырды. Ал парламентке партиялашы, бир күн мурда мандатынан баш тарткан Максат Сабировдун ордуна келди. Сабиров «мандатты жаштарга бергенибиз туура» деп билдирген болчу.

Акыл Кемелов Кыргызстандын кулатуу боюнча үч жолку чемпиону жана спорт чебери. Ал 2016-жылы Ысык-Көл облусу боюнча «Кулатуу эртаймаш WEF» федерациясынын президенти болуп дайындалган. Мындан тышкары, ал өзүн коомдук ишмер жана меценат деп атап келет.«Ата-Журт» партиясы парламентке 2010-жылы шайлоодо биринчи орунга ээ болуп, Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун жетектөөсү астында келген.

2015-жылы «Ата-Журт» парламентке барыш үчүн «Республика» партиясы менен бириккен. Жаңы партия экинчи орунга чыккан. Бирок 2019-жылы октябрда «Республика — Ата-Журт» партиясы ыдыраган. «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «бул кызматташтыктан жыйынтык чыкпаганын» билдирген.

Парламенттин алтынчы чакырылышы өлкөдө бийлик алмашууга алып келген октябрь окуяларынан кийин «бийликте боштук жаралбасын» деп өзүнүн ыйгарым укуктарын узартып алган.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, «Жогорку Кеңеш пропорционалдык система аркылуу 5 жылга шайланган 120 депутаттан» турат. Бирок «Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи отурумунан кийин» гана алардын ыйгарым укуктары токтойт. Азырынча жаңы парламенттик шайлоо өтчү күн белгилене элек.