ЖМК: Бишкекте ди-джейди атып кетишти, шектүү кармала элек

25-февралга караган түнү саат 00:40тар чамасында Бишкек шаарынын «Чыгыш-5» кичи району жактан 38 жаштагы кишини атып кетишти. Ал жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

«АКИпресс» маалымат агенттиги маркум түнкү клубдардын биринде ди-джей болуп иштегенин жазды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Улан Жумаков «Клоопко» берген маегинде, жабырлануучу «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу батирлердин биринде эс учун жоготкон абалда табылганын айтты. Ал эми маркум кайсыл жерде иштегени жана кызматы аныктала электигин билдирди.

«25-февраль күнү “102” кызматына “Чыгыш-5” кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде белгисиз адам эс-учун жоготуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган билдирүү Свердлов районунун ИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу барган учурда ал оң далысына жана көкүрөк тушуна ок тийип, жүрөгү токтоп калгандыгы аныкталган», — деди ал.

Маркум 1983-жылы туулган С.Д аттуу эркек киши экени аныкталды. Ал эми шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Жумаков учурда шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестеринде катталып, «адам өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Буга чейин Нарын шаарынан 31 жаштагы кишини атып кетишкен. Ал жаракатынан улам ооруканага жетпей көз жумган. Маркум УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон кишини уюшкан кылмыштуу топтун башка бир мүчөсү өч алуу максатында атып кеткен.