Нарында ичимдик ичип алып энесин сабаган жаран 3 күн камалып коё берилди

Нарында райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын соцкызматкерлери жана тийиштүү органдар менен биргеликте Нарын шаарын үймө-үй кыдыруунун натыйжасында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эки факты аныкталды. Бул тууралуу «Клоопко» Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Январь-февраль айларында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана балдарга карата жасалган ырайымсыз мамилелерге бөгөт коюу максатында шаардагы 8 133 үйдү кыдырып, 158 мигранттын балдары каттоого алынып, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок үч өспүрүм катталган.

Үймө-үй кыдыруунун натыйжасында эки үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бирөөсү ичимдикке берилген адам өз апасын уруп-сабаган, бул факты боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө жабырлануучу арыз жазган, жыйынтыгында апасын сабаган кишини милиция үч күн убактылуу кармоочу жайга камап, кайра бошотуп жиберген.

Ал эми экинчи факты ажырашып кеткен күйөсү аялына психологиялык жактан зордук-зомбулук көрсөтүп, балдарын талашып үй-бүлөөсүнө тынчтык бербей жаткандыгы аныкталган.

Бул иш чаранын алкагында ата-энелерге зомбулукка жол бербөө тууралуу тийиштүү маалыматтар берилген.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 9025 учуру катталып, анын 944ү гана сотто каралган.

«Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?

Мындан сырткары Улуттук статистика комитети пандемия учурунда аялдарга карата зомбулук 14%га, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65%га өскөнүн кабарлаган.

Маселе бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, өткөн жылдын жай айында депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелеген.

Ага ылайык, ден соолукка зыян келтирилген учурда, эмгекке жарамдуулугунан ажыраса же аял жабыр тартканы «ачык көрүнүп турса» эки тараптын жарашуусуна жол берилбейт. Ошондой эле, бул учурларда түзөтүү же коомдук иштер жаза катары кала берет, ал эми штраф жокко чыгарылат.

Аталган мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын башында парламентте экинчи окууда жактырылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жан кыюуга түрткөн зомбулук