«Баштан Башта» жарандык кыймылы куугунтукка кабылганын билдирди

«Баштан Башта» жарандык кыймылы 27-февралда алардын командасынын мүчөлөрүнө карата куугунтуктоо жана кысым болгонун билдирди.

«Ачык куугунтуктоо башталды! Кечээ күнү биз интенсивдүү курс өткөргөн мейманкананын фойесинде атайын кызматтын кызматкерлери отурушкан. Алар ал жерде бир топ убакыт болушту да, андан кийин акырын кетип калышты. Ал эми бүгүн болсо укук коргоо органдарынын кызматкерлери тренинг өтүлүүчү бөлмөгө кирип, огуп отурууну суранышты», — деп жазган «Баштан Башта».

Жарандык кыймыл өз билдирүүсүндө, укук коргоо кызматынын аракеттери элди коргоого багытталса аларды колдой турганын белгиледи.

«Бирок, бүгүн болгон окуяны саясий себептерден улам биздин активдүү жарандык позициябыз үчүн куугунтуктоо деп эсептейбиз. Бизге, ошондой эле Сания Токтогазиевага психологиялык басым жасоо аракеттери биздин укуктарыбыздын жана эркиндиктерибиздин бузулушу деп билебиз!», — деп билдиришти «Баштан Башта».

«Баштан Башта» — бул Кыргызстандын жарандарына маалымат берүү жана агартууга багытталган жаштардын жарандык кыймылы. Ар жекшемби сайын алар Темир жол бекетинен Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин жөө жүрүшкө чыгып келишет. Алар коррупцияга каршы дагы жөө жүрүштөрдү өткөрүшөт.

Буга чейин юрист Сания Токтогазиева өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган бейтааныш адам анын үйүн издеп келгенин жазган.