ОшМУнун профессору Ырысбай Жолдубаев каза болду

Маркум Ырысбай Жолдубаев. Сүрөт: ОшМУнун басма сөз кызматы

Ош мамлекеттик университетинин профессору, медицина илимдеринин доктору Ырысбай Жолдубаев көз жумду. Ал 76 жашта болчу. Жолдубаев мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы.

Профессор тууралуу Ош мамлекеттик университети некролог жарыялады.

«Ырысбай Жолдубаев 20 жылдан ашуун ОшМУда үзүрлүү эмгектенди. Агайдын окуган лекцияларын, практикалык иштерин, илимий педагогикалык жана методикалык түрдө өткөн сабактарын студенттер дайыма баалап келишкен. Агай 90дон ашуун илимий эмгектердин автору болууга жетишти. Анын жетекчилиги астында төрт шакирти илимдин кандидаттыгын жактады», — деп жазылат анда.

Медицинага арналган өмүр

Жолдубаев — Ош облусунун Кара-Суу районун Эшме айылында туулган. 1968-жылы Фрунзе шаарындагы медицина институтунун стоматология факультетин бүтүргөн. Дарыгердик эмгек жолун ошол эле жылы Кара-Суу райондук ооруканасында врач-ординатор кызматынан баштаган. Андан үч жылдан соң Кара-Суу райондук кургак учукка каршы диспансердик ооруканага жетекчи болуп дайындалган.

Кандидаттык диссертациясын 1981-жылы Казакстандын Алма-Ата шаарында, ал эми доктордук диссертациясын 1992-жылы Орусиянын Ленинград [азыркы Санкт-Петербург — ред.] шаарында жактаган. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин кеңеши менен Йемен Элдик Демократиялык Республикасында эки жыл тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келген.

1985-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин кургак учук боюнча илим изилдөөнүн директорунун орун басары болуп эмгектенип, 1993-жылы министрдин орун басары болуп дайындалган.

Мындан сырктары, Жолдубаев Борбордук Азия жана Закавказье өлкөлөрүндө саламаттык сактоонун реформалоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Анкарадагы эксперти болуп эмгектенген.

2002-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ОшМУнун медицина факультетинин деканы, 2004-жылы Медицина институтунун директору кызматтарын аркалаган.

Үзүрлүү эмгектери үчүн «Саламаттыкты сактоонун отличниги» төш белгиси, «Манас» медалы, Саламаттык сактоо министрлигинин, ОшМУнун жана президенттин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жолдубаевдин артында 5 уулу, 4 кызы жана неберелери калды.