Садыр Жапаров парламенттик шайлоо күзүндө өтөөрүн билдирди

Президент Садыр Жапаров казакстандык «Казинформ» басылмасына маек куруп, Кыргызстандагы парламенттик шайлоо күзүндө өтө турганын билдирди.

«Жакында жергиликтүү [кеңештерге] шайлоолор да болот, референдум өтөт. Аны да таза өткөзөбүз. Андан кийин күзүндө парламенттик шайлоо болот, муну да таза өткөзөбүз. Анткени мындан ары шайлоолор таза өтүшү керек. Биздин мыйзамдар дагы толук түрдө иштеши керек, бардыгына бирдей болушу керек — менден баштап кетмен чапкан дыйканга чейин бирдей болушу керек», — деди Жапаров.

Кыргызстандын аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге дайындалган. Ушул эле күгү Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум өтөөрү айтылууда.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо жокко чыгарылган. Анткени шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын мүчөлөрү жана жарандык активисттер мөөнөтсүз митинге чыгышкан. Бул окуялар саясий толкундоолорго айланып бийликтин алмашуусун шарттаган.

Негизинен митингчилер шайлоо учурунда добуш сатып алуу болду жана административдик ресурс колдонулду деп нааразы болушкан. Шайлоодо мыйзам бузуулардын көпчүлүгү бийликчил деген «Биримдик», таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тарабынан катталган.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, аталган үч партия Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 107сине ээ болушкан. Митингчилер Ак үйдү басып алышып, камакта отурган бир катар саясатчылар бошотулган — алардын арасында Садыр Жапаров дагы болгон.