«Улан Узун» каймана аты менен таанымал Улан Барчакеев кармалды — УКМК

УКТ мүчөсү Улан Барчакеев кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Ал крим чөйрөдө «Узун Улан» деген ат менен белгилүү.

«2021-жылдын 1-мартында Барчакеев Бишкек шаарынан кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. Коопсуздук комитети тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталып жатат», — деп белгиледи атайын кызмат.

Учурда Барчакеев УКМК ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. Кайсыл кылмыш иши тууралуу сөз болуп жатканын атайын кызмат ачыктаган эмес.

Барчакеевдин камакка алынышы — УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин УКТ менен күрөшүү стратегиясынын бир бөлүгү. Бул стратегиянын алкагында биринчилерден болуп кримтөбөл Камчы Көлбаев, андан соң бир катар активдүү УКТ мүчөлөрү, «положенецтер» кармалган. Акыркы жолу камакка алынган кылмыш дүйнөсүнүн салмактуу өкүлү «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов болду. Досонов күч түзүмдөрүнө өзү келген, адвокаттын айтымында анын жакындарына кысымдар башталган.

Ташиевдин айтымында, мурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук бардык тармактарды башкарып калган, «жогорку кызмат орундарына кимдер дайындаларын, кайсы бизнес өнүгүп-өнүкпөсүн чечкен».

«Алар кайсы бизнес өнүгөт, кайсынысы өнүкпөйт чечип калышкан. Мындай болбойт. «Положенец», «смотрящий», «мыйзамдагы ууру» – эми мындай түшүнүктөр болбойт. Ким мыйзамдагы ууру болгусу келсе, башка мамлекетте жашасын», — деп билдирген.