Чүйдө өз баласын бычактап өлтүрдү деген аял кармалды

Маркумдун энеси шектүү катары кармалды

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка айылындагы үйлөрдүн биринде 14 жаштагы баланын сөөгү табылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жашы жете элек баланын өлүмүнө өз энеси шектелип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБнин маалымат катчысы Нургүл Нусупова билдирди.

«Өспүрүм киши колдуу болгону тууралуу маалымат Жайыл РИИБине 2-март күнү кечки саат сегиздер чамасында келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу барган учурда жашы жете элек бала бычакталып, алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумганы аныкталган», — деди Нусупова.

Ал ошондой эле, кылмышка шектүү катары маркумдун 36 жаштагы Т.В. аттуу энеси кармалганын кошумчалады.

Факты КЖЖБРге «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

Жашы жете элек балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча акыркы беш жылда балдарга карата эң аз дегенде 1053 оор кылмыш каттаган. Анын ичинде ур-токмокко алуу, зордуктоо жана адам өлтүрүү дагы бар.

Ал эми ИИМ Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккенин билдирди.

Дагы окуңуз: Мектепте эмес, базарда күн өткөргөн балдар

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт