Ысык-Көл облусунда былтыр 13 өспүрүм жанын кыйган

Ысык-Көл облусунда 2020-жылы жашы жете элек 13 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев Түп, Ысык-Көл райондорунун жана Балыкчы шаарынын милициясынын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып билдирди.

*Жумагазиев буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2020-жылы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катыша турганын айтып, кызматынан кеткен болчу. Бирок, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кайрадан мурдагы ордуна кайтарылган. Ал эми 15-февралда Ысык-Көл облустук ИИБге жетекчи болуп дайындалган.

Ал жыйында жаш балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол алуу учурлары көп болуп жатканына токтолуп, тиешелүү кызматтар тарабынан алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.

«Былтыр Ысык-Көл облусунда 13 жаш баланын өзүн-өзү өлтүрүү фактысы катталган. Бул алардын ата-энелери үчүн гана эмес коомубуз үчүн дагы өкүнүчтүү болду. Ошондуктан, бул багытта милициянын ишин түп тамырынан бери өзгөртүү керек», — деди Жумагазиев.

Ошондой эле, Жумагазиев мектептерде лекциялар жана жолугушуулар менен гана чектелип келген эски методдорду жоюп, жаңы ыкма менен иштөө керектигин кошумчалады.

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылындагы 8 жаштагы кыз асынып алган абалда табылган. Жаш өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салышына тасмалардын таасири бар болгону божомолдонгон.

Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоциалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосундагы бардык баскычта кыйратуучу кесепетке алып келет.

Акыркы беш жылда Башкы прократура балдарга карата эң аз дегенде 1053 оор кылмыш катталган. Анын ичинде ур-токмокко алуу, зордуктоо жана адам өлтүрүү дагы бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

ИИМ: Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйдө же конокто жасалат