Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчыга «Достук» орденин тапшырды

Садыр Жапаров Баянгали Алимжановго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын - "Достук" орденин тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжановго мамлекеттик «Достук» орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекет башчысы манасчы Баянгали Алимжановго "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирди. Анын кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Баянгали Алимжанов «Манас» эпосун Казакстандын жаш муундарынын арасында кеңири жайылтуу үчүн которгонун белгилеп, азыркы жаштар бул уникалдуу эпосту билиши керек деп эсептейт. Ал ошондой эле «Казинформго» курган маегинде кыргыз эпосторун казактардыкындай эле жакшы көрөрүн айткан.

Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы.

Жапаров 2-мартта Казакстанга мамлекеттик сапары менен барды. Анын алкагында өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев менен, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жана бизнес коомчулугу менен жолукту. Жапаровдун маалымат кызматы мамлекеттик сапардын жыйынтыгын «канааттандырарлык» деп баалады.

ТЕМА БОЮНЧА

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт манас айтты

«Саякбайдын жаш өнөктөшү». Он жаштагы манасчы тууралуу окуя

14 сааттан ашык убакыт манас айтуу тууралуу даректүү тасма тартылат