Манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 14:27:51 саат Манас айтып, рекорд койду. Сыдыков Манас айтууну 12-ноябрда эртең мененки саат 10дорго жакын баштап, 13-ноябрга караган түнү аяктады.

Манасчы үчүн борбордук аянтта бир нече метр бийиктикте атайын айнек боз үй салынган. Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдүн ичинде манас айтып отурганына 14 сааттан ашканда анын жакындары токтотууну суранышкан.

Алгач манасчы Гиннесс рекорддор китебине кирүү үчүн эпосту 12 сааттан ашуун айтууну көздөгөн. Сыдыковдун манас айтып жатканы түз эфирде дагы чагылдырылып турду.

«Манас» — эң көлөмдүү кыргыз эпосу. Ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннесс китебине кирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Манастын мурасы

«Саякбайдын жаш өнөктөшү». Он жаштагы манасчы тууралуу окуя