Акыркы суткада коронавирус жуктурган 57 бейтап сакайып, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 4-мартта 59 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 27, Чүй облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 5, Ош шаарында — 2, Ош облусу — 2, Нарын облусунда — 2, Баткен облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 375 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 368 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 17 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 258 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 54 учуру катталды. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 26. Ал эми Чүй облусунда — 10, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — бирден, Ысык-Көл облусунда — 7, Нарын облусунда — төрт, Ош облусунда — беш учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 410го жетти. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 239.

Мындан сырткары, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп каза болгон бейтаптар катталган жок. Кыргызстанда илдеттен 1 468 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча медиктер арасында да коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган эмес. Ал эми бир суткада төрт медик айыкты. Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 205ке жетти, анын ичинен 4 190 медкызматкер илдеттен айыкты.