Ысык-Көлдө 13 жаштагы окуучу асынган абалда табылды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылында 13 жаштагы баланын сөөгү үйүнөн асынган абалда табылды, анын өмүрүнө кол салганы божомолдонууда. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ага ылайык, 2-мартта милицияга 7-класста окуган бала үйүнүн короосунда асынып алганы тууралуу кабар түшкөн.

«Бизге өспүрүм асынып алганы тууралуу айылдаштары билдирди. Милиция кызматкерлери сөөктү карап, анын денесинен аркандын изинен башка так табышкан эмес», — деди ал.

Ошондой эле, алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы менен бала өз өмүрүнө кол салганы айтылууда. Учурда окуянын себептери такталып жатат.

Ал эми «Турмуш» басылмасынын маалыматына ылайык, маркумдун сөөгүн биринчилерден болуп апасы короодон тапкан. Басылманын жазышынча, бала эмне себептен өмүрүн кыйганына айылдыктар таң калууда. Себеби, ата-энеси менен чогуу жашап, бардык жактан жетиштүү болчу. Мектепте сабакты да жакшы окучу.

Ысык-Көл облусунда 2020-жылы жашы жете элек 13 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев аймактагы милициясынын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып билдирген.

Буга чейин, Чүйдүн Сокулук районунун Фрунзе айылында 14 жаштагы кыз эски спорт залда асынып алган абалда табылган.

Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоциалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосундагы бардык баскычта кыйратуучу кесепетке алып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт