Акыркы суткада COVID-19дан дагы бир киши каза болуп, 55 жаңы учуру катталды

Республикалык штаб акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19 инфекциясына чалдыккан бир бейтап каза болгонун кабарлады — бул Ысык-Көл облусунда катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктурганы ырасталган 1471 киши каза тапкан.

Ошондой эле, штабдын маалыматы боюнча, соңку 24 саат ичинде короновирус 55 кишиге жукканы ырасталды. Талас облусунда жаңы оорулуулар табылган жок.

  • Бишкек — 21;
  • Чүй облусу — 14;
  • Ысык-Көл облусу — 11;
  • Ош облусу — 3;
  • Ош — 2;
  • Нарын облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Баткен облусу — 1.

Штабдын маалыматы боюнча, ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 86 506га жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 60 бейтап сакайып, ооруканалардан чыкты. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча COVID-19 же ооруканадан тышкаркы пневмония илдетине чалдыгып, сакайып кеткен 83 484 бейтап ооруканадан чыгарылган.

6-мартка карата берилген маалымат боюнча, илдеттен 344 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 17 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 267 адам үй шартында дарыланууда.