Аксыдагы уулануу: Чайды экс-депутат Алмаз Эргешовдун эжеси уюштурганы белгилүү болду

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын 20га жакын тургуну 2-мартта бир дасторкондо чай ичишкен. Эртеси күнү алардын ичинен алты киши каза болуп калган — алардын үчөө эркек, үчөө аял. Алдын ала маалыматтар боюнча маркумдар суу менен суюлтулган спиртке ууланышкан.

Аксы райондук ички иштер башкармалыгы «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги уулануу белгилери менен дагы 11 киши ооруканага жаткырылганын билдирген.

Кара-Суу айылынын тургундарынын бири «Super.kg» басылмасына чайды жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлердин бири уюштурганын айткан. Мындан улам басылмасынын журналисттери Кара-Суу айылына барышып, жергиликтүүлөр менен маек куруп окуянын чоо-жайын билүүгө аракет жасаган.

«Спиртти аптекадан сатып барган»

Маркум Осмонаалы Чалыбаевдин аялы Замира Кожобекова журналисттерге ошол күнү тургундарды Бурулкан Эргешова кафеге чакырганын кабарлады. Анын айтымында, Эргешова өзүнүн дарыканасында сатылчу спиртти алып келип сууга аралаштырып берген.

«Эртең менен тура албай жыгылып калды. “Башым ооруп, көзүм көрбөй атат” деди. Кайра-кайра жыгыла берди. Анан ооруканага алып барсам асма укол берди, анда да “көзүм көрбөй жатат” деди [...] Озунан да кан чыкты, көздөрү көгөрүп, денеси карайып кетти. Андан мурун өлгөндөрү дагы спирттен өлүп жатпайбы. Ушул спиртти бербесе өлбөйт болчу», — деди Кожобекова.

Кара-Суу айылынын жергиликтүү бийлиги 2017-жылы бери аймакта арак сатууга тыюу салган. Бирок, тургундардын айтымында, дарыканаларда жана дүкөндөрдө спирт жашыруун сатылып келген.

Кожобекова Бурулкан Эргешованын иниси Алмазбек Эргешов «Кыргызстан» фракциясынан депутат, ал эми анын агасы оорукананы башкы дарыгери болгонун кошумчалады. Мындан улам маркумдун аялы Эргешова жоопкерчиликке тартылбай «куруу чыгып» кетет деген ойдо.

Алмазбек Эргешов

*Алмазбек Эргешов 2020-жылдын май айында депутаттык мандатын тапшырган. Ал эми өткөн жылы болгон парламенттик шайлоодо Эргешов «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 30чу орунда турган.

«Өзү [Бурулкан Эргешова] спирт жасап, ушунча элди кырып койду. Өзүнүн кашка таман [уруусунан] туугандары. Жолжакшы [уруусунан] менин күйөөм, Чарбадан дагы бир келин колунан спирт алып ичип, өлүптүр. Чарбага барсаңар айтып берет. Спиртти аптекадан сатып барган» — деди Чалыбаевдин аялы.

Тажыяда жүргөн тургундардын бири буга чейин да аптекадан спирт сатып алып ичип каза тапкандар болгон деп билдирди.

«Анан муну ошондой кылып сатылбай калганда бул аптекада спирт сатат экен, ошол жерден алып ичишкен адамдар бар экен. Ага чейин дагы үч адам каза болгон — алар дагы дал ушундай [жол] менен: ичип, көзү көрбөй калып анан каза болушкан [...] Биздин угушубузча “салаттан чыгыптыр, салаттан ууланыптыр ичимдиктен эмес экен” деп — бул нак эле спирт ичимдигинен болуп жатат», — деди тургун.

Ал эми тамактануучу жайдын ээси Куштарбек Алымкулов окуя болгон күнү Эргешова тамактарды жасатуу үчүн азык-түлүктөрдү өзү алып келгенин билдирди. Ошондой эле Алымкулов Эргешова кайнатылган суу менен бир бөтөлкө спиртти көтөрүп келип өзү аралаштырып бергенин айткан.

«Мындай болуп калат деп ойлогон эмесмин»

Ал эми Кербен шаардык оорукасында дарыланып жаткан Бурулкан Эргешова ооруканага уулануудан эмес, кырсыктан улам жүрөгү ооруп түшкөнүн айткан.

Эргешова айылдык кеңешке талапкерлигин койгонун тастыктап, бирок тургундарга шайлоого байланыштуу «чай берген» деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, ал айылдаштарын жана туугандарын 23-февраль жана 8-мартка карата куттуктагысы келген.

«Мындай болуп калат деп бир грамм ойлогон эмесмин, ким ойлойт? Бирөөгө жамандык тилейсиңби… ”өлүп калсын” эмес, “ооруп калсын” деп дагы. Туугандарды баардыгын атынан атап, чакырганы эч ким жок. Өздөрү эле келишкен бири-бирин ээрчишитип. Айтылган адамдар бар. Менин аталаш жеңелерим, инилерим өлүп жатат. Ошол жерде ыйлап турушум керек болчу», — деди Эргешова.

Эргешованын айтымында, милиция кызматкерлери анын аптекасын жана отуруш болгон кафени тинтиген. Ал эми санэпидкөзөмөл кызматы бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп жатат — анын жыйынтыгы болжол менен бир аптанын ичинде чыгып калышы керек.