Акыркы суткада коронавирус жуктурган 45 бейтап сакайып, эки бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 8-мартта 45 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандыгын маалымдашты. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 16, Чүй облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — жети, Ош шаарында жана Талас обулсунда — төрттөн, Ош облусунда — эки, Нарын облусунда — бир бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 83 575 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 334 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 12 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 260 киши дарыланып жатат.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун жаңы 33 учуру катталды. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында аныкталды — 17. Ал эми Ысык-Көл облусунда — 12, Ош шаарында жана Нарын облусунда — бирден, Жалал-Абад облусунда — эки учур катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 86 583кө жетти. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 125.

Мындан сырткары, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп каза болгон Бишкек шаарынан эки бейтап катталды. Кыргызстанда илдеттен 1 473 киши көз жумду.

Ошондой эле, өлкө боюнча медиктер арасында да коронавирус жуктуруп алгандар аныкталган эмес. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 206га жетти, анын ичинен 4 195 медкызматкер илдеттен айыкты.