Бишкекте шайлоо участогунун төрайымын тоноп кетишти

Журналист Канат Каниметов 7-мартта Бишкек шаарындагы №1101 участкалык шайлоо комиссиясына тийиштүү мөөрдү арыктан таап алды. Бул тууралуу Каниметов фейсбук баракчасында жазып чыкты.

Вот делать мне нечего как печати избирательных комиссий под номером 1101 с обочины дорог подбирать. 😂 А если серьезно......

Опубликовано Канатом Каниметовым Воскресенье, 7 марта 2021 г.

«Жолдун четинен №1101 шайлоо комиссиясынын мөөрүн жыйнап алуудан башка кылаар ишим калган жок. Бирок чынында...мындай нерселердин арыкта жатканды кадимкидей эле көрүнүшпү?» — деп сураган Каниметов Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрү Гүлнара Журабаева жана Кайрат Осмоналиевден.

Журналистке Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов жооп берип, №1101 УШКнын төрайымы Нурзада Абдылдаева 6-мартта тонолгонун билдирди.

«УШКнын төрайымы менен байланыштык, кечээ алар жабдууларды кабыл алышкан экен — мөөр анын жанында болгон. Кечинде ага кол салып тоноп кетишкен. Анын жанында телефон, баалуу буюмдар жана баласынын контрагына деген акча болгон. Учурда ал кан басымдан улам ооруканада», — деп жазды Маматов.

Кыргызстанда 11-апрелде бир катар жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт — алардын ичинде Бишкек жана Ош шаарлары да бар. Ошол эле күнү жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдум өткөрүү да пландалып жатат.

Ал ортодо Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу ниетин 27 партия билдирди.