Бишкек: Кайгуул милициясы кызды ала качуудан куткарып калды

Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери кыз ала качууга шектүү жаранды кармады.

Милициядан билдиришкендей, 8-март күнү болжолдуу кечки саат 19:50дө Ак-Өргө конушундагы Курманжан Датка көчөсүндө кыз ала качуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге кайгуулчулар келип, 1996-жылкы кызды чала тааныш бала үйлөнүү үчүн ала качып кеткени аныкталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кайгуул милициянын кызматкерлери 1990-жылкы Н.Р. шектеп кармап, Бишкектин Ленин РИИБине өткөрүп беришкен.

«Ала качуу фактысы КЖБРге катталып, “Мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качуу” беренеси менен сотко чейинки өндүруш башталды», — деп билдиришет милициядан.

Бул берене боюнча ал 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган.

Ал эми Жазык кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузгандарга 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Мындан дээрлик үч жыл мурун Бурулай Турдалы кызы ала качылып, киши колдуу болгон — бул коомдо чоң резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качкан. Экинчи жолкусу Бурулайдын өлүмү менен аяктаган. Милиционерлер кызды ала качкан Марс Бөдөшевди кармап, жабырлануучу экөөнү бир бөлмөгө калтырышкан. Кийинчерээк Бөдөшев кызды бычактап өлтүргөнү аныкталган.

Бурулайды ала качкан адам менен ага жардам бергендер соттолуп, кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиционерлер айып пул төлөө менен кутулган. Бул иштин алкагында 23 милиционер жоопко тартылган — алардын ичинен айрымдары бошотулуп, дагы башкаларына катаал сөгүш жарыяланган. Ал эми кээ бирлерине карата сыноо мөөнөтү берилген.

Коомдо дагы деле кыздарды уурдап никеге мажбурлап тургузуу учурлары катталып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?