Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим жокко чыгарылды

Бишкек шаардык соту 22-апрелге чейин борбор калаада тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечими 10-мартта жокко чыгарды.

Тыюуну жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты адвокат Евгения Крапивина «Клооптун» журналистине ырастады. 9-мартта шаардык сот райсоттун июль айына чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндөгү чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

«Эми ар бир жаран каалаган жерде каалашынча тынч чогулуштарды өткөрө алат», — деп Крапивина кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаада 22-апрелге чейин тынчтык митингдерин жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салганы жөнүндө 4-мартта белгилүү болгон. Ошондо райсот тынчтык митингдерге чыккысы келгендерге Горький сейил багына барууну сунуштаган. Тынчтык жөө жүрүштөрү негизинен Эркиндик аллеясында өткөрүлөт, жүрүшкө катышкандар Ала-Тоо аянтынан өтүп, Жогорку Кеңештин имаратына карай барышат.

Тынчтык митингдерине болгон жарандык укукту чектөө талабы менен Биринчи май райондук администрациясы сотко кайрылган. Акимчиликтин маалыматы боюнча, жекшемби күндөрү Эркиндик бульварында өтүп жаткан коррупцияга каршы марш башка жарандардын тынчын алып жатат.

Тыюу жөнүндө 4-мартта гана маалым болгон, бирок чечимдин өзү 22-февралда эле күчүнө кирген. Ошол эле учурда, Бишкектин борборунда тынч чогулуштар — мисалы Ак калпак күнүн белгилөө үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулган.

Мындан тышкары, учурдагы Конституцияга ылайык эркин тынч чогулуштарды өткөрүүгө чектөө киргизүүгө жол берилбейт.