«800 млн сом нак өндүрдүк». Жапыкеевди кызматтан чепкен жаап узатышты

Жакында эле жоюлуп кеткен финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеевди кызматынан чепкен жаап узатышты. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды. Жапыкеев аталган кызмат жоюлгандан бери пикирин билдире элек болчу.

Ал ошондой эле, финполдун жетекчиси катары таза, так иштегенге аракет кылганын, башкаларды коркутуп акча талап кылбаганын белгиледи.

«Эч жерден пара опузалап, же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда 800 млн сом бюджетке нак өндүрдүк, көптөгөн иштер жасалды. Чоң-чоң кылмыш иштер боюнча экспертизалардын кортундусун күтүп аттык эле. Баары оңой эмес», — деди Жапыкеев.

Ал акыркы жылдары «катуу нерв» болуп жүрүп, «сахары» жогорулап кеткенин кошумчалады. Андыктан ал учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин жана үйдө жатканын белгиледи.

«Врачтар карап жатышат, нерв болбош керек, үйдө жатам. Ден соолук болбосо эч нерсе кереги жок экен», — деди Жапыкеев.

Ошондой эле, өзүнө карата айтылып жаткан сындарга дагы жооп кайтарды.

«Достор, акыркы күндөрү мени сындагандар көбөйдү, “жок, эмне чыкпайт, эмне митингдерге чыкпайт” деп мени издегендер көп. Мен мамкызматкер катары митингге чыгып, өз оюмду билдиргенге укуктуу эмес элем», — деди ал.

Жапыкеев финполго кантип келген?

Жапыкеев финполдун жетекчиси болуп парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийин 17-октябрда дайындалган болчу.

Жаңы өкмөт бекитилгенден кийин коомчулукта финполиция жоюлат же ИИМдин курамына кошулат деген кептер тараган. Ошол учурда Жапыкеев фейсбукта «финполду эл колдойт, финпол элге иштейт» деп жазган.

«Достор, барсыңарбы? Финполицияны жойгону жатышат, силер кандай ойлойсуңар? Что-то башкача кетип баратат... Достор, финпол жеңилип калабызбы?» — деп суроо салган Жапыкеев.

«Мекеме талаптагыдай иштеген эмес». Сыймык Жапыкеев жетектеген каржы полициясы жоюлду