Кара-Кулжада мектеп күйүп кетти, окуу мечитте жана эки турак жайда улантылат

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Буйга айылында жайгашкан Жумабай Абидинов атындагы мектептин имараты толугу менен күйүп кетти. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт тууралуу билдирүү 10-мартта таңкы саат 04:16да түшкөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. Ал эми тилсиз жоо 350 чарчы метр аянтка жайылган.

Буйга айылынын башчысы Хамидбек Абдыкеримов «Клоопко» билдиргендей, өрт мештин морунан, же электр тогунан чыккан деп божомолдонуп жатат. Анткени мектеп көмүр менен жылытылып келген.

«Мектеп мындан 35-38 жыл мурун элдик ашар жолу менен курулган эле. Ал бири-бирине туташ жайгашкан эки имаратттан турчу. Экөө тең күйүп кетти. Биз мектептин парталарын жана отургучтарын сактап кала алдык. Калган буюмдарды алып чыгууга үлгүрбөй калдык», — деди Абдыкеримов.

Ошондой эле, айыл башчынын айтымында, парта жана отуругучтар убактылуу айылдагы бир мечитке жана жергиликтүү тургундардын эки үйүнө жайгаштырылды. Окуучулар 11-марттан тарта аталган жайларда билим алып турушат.

«Учурда ӨКМден өрт эмнеден чыкканын текшерип жатышат. 1-апрелден тарта мектептин аймагына чатырларды орнотуп берүү пландаштырылды, жаңы имарат курулгуча балдар окуп турушат», — деп түшүндүрдү Абдыкеримов.

Буга чейин өткөн жылдын башында Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы «Сагындык» атындагы мектеп да толугу менен күйүп кеткен. Аталган мектеп меш менен жылытылган. Мектеп директору өрттүн келип чыгуу себебин электр чубалгылардан көрүп жатканын айткан. Мектеп жамааты тилсиз жоодон бир гана китепкана менен төрт класстын парта жана отургучтарын сактап кала алышкан.