Бишкек — Ош унаа жолунда эки жол кырсыгы катталды. Эки киши каза болуп, 13 адам жабыркады

Бишкек — Ош унаа жолунда 11-мартта эки жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки киши каза болду. Ошондой эле, 13 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Биринчи кырсык Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Пельменный» тилкесинде саат 15:40та болгон. Анда «Тойота Виндом» жана «Тойота Превиа» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 73 жана 33 жаштагы эркек кишилер каза болгон. Каза болгондордун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары беш адам — үч эркек жана эки аял — жарадар болуп, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Экинчи кырсык саат 20:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында катталган. Эки «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын ичиндеги сегиз жүргүнчү — төрт эркек жана төрт аял — Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Бир жаран унаага кыпчылып калып, аны куткаруучулар чыгарышкан.

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы