Кара-Сууда коңшу өлкөнүн жараны киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ОИИБинин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектелип коңшу өлкөнүн 47 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш 11-мартта Кара-Суу шаарында жайгашкан «Оомат» базарында жасалган. 45 жаштагы маркум миздүү куралдан мойнунун сол тарабына жаракат алып, тез жардам кызматы аркылуу аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок ал ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн.

«[Шектүү] аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп, араба түртүп иштеген. Маркум дагы кошуна мамлекеттен көчүп келип, 5 жыл мурда Кыргызстандын жарандыгын алган», — деп билдиришти Ош ОИИБден.

Кара-Суунун милициясы «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Буга чейин 27-февралда Кара-Суу шаарынын 55 жаштагы тургунун бычактап, үйүндөгү сейфти уурдап кеткен эки киши кармалган. Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алган жаракатынан улам каза болгон.