Иликтөөчү журналист Али Токтакунов «Политмер» басылмасы менен биргеликте «Хоп-позиция депутаттар» аталыштагы иликтөө жарылялады. Анда 2016-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана 2021-жылы жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө «макул» болгон депутаттар тууралуу сөз болгон.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары 2016-жылы президенттин ыйгарым укуктарын кыскарткан Конституцияны колдоп, арадан беш жыл өткөндөн кийин эле президенттик башкарууну камтыган Баш мыйзамды жактырып референдум өткөрүүнү колдоп беришкен.
2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Баш мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн референдум өткөрүлгөн. Конституциянын жаңы редакциясында эң негизги өзгөртүүлөрдүн бири: президенттин бийлиги азайып, премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ошол учурда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү алтынчы чакырылыштын 89 депутаты макулдугун берген.
ТЕМА БОЮНЧА: Парламент Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү сунуштоодо?
Жаңы Конституция кабыл алууга каршы болгон саясатчылар жана жарандык активисттер сунушталган редакция «президент менен парламенттин сот бийлигине болгон таасирини күчөтүүгө» алып келет деп эскертишкен. Мындан сырткары алар бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушу узурпацияга алып келет деген пикирди билдиришкен.
Ал эми октябрдагы төңкөрүштөн кийин абактан бошотулган Садыр Жапаров премьер-министр кызматына дайындалган. Ошол убакыттан тарта Конституцияны өзгөртүү керек деген позицияны айтып келген. Көп өтпөй Жапаровдун демилгесин бир катар депутаттар колдоп, Конституциянын жаңы долбоорун сунушташкан. Бирок ал дароо эле сынга кабылып, «Ханституция» деген аталышка ээ болгон, анткени президентке чексиз бийлик берилген болчу.
Кийинчерээк президенттин милдетин аткарып турган спикер Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, анын курамына жүздөн ашуун адам кирген. Көбүнесе кеңешменин курамын Жапаровдун тарапташтары түзгөн.
Анткен менен Конституциянын сын-пикирди эске алып өзгөртүлдү делген долбоорунда анчеин өзгөртүү байкалган эмес — анда президент эбегейсиз бийликке ээ болуп, аткаруу бийлигин жетектейт деп жазылган. Ошол эле учурда президентти иш жүзүндө эч ким көзөмөлдөй албайт.
Юристтер жана саясатчылар бул Баш мыйзам бийликти президент тарабынан узурпациялоого алып келет деп эскертишип, аны «билинбей жарылчу бомба» деп атаган. Буга карабастан депутаттар Конституцияны кабыл алуу үчүн референедумду дайындоо мыйзам долбоорун шашылыш түрдө үч окууда жактырышкан.
Ал эми Садыр Жапаров референдумду 11-апрелге дайындады — ал күнү өлкө аймагында жергиликтүү кеңештерге дагы шайлоо өтөт.
«Эң кызыгы: бир принципке токтолбостон Атамбаевдин дагы, Жапаровдун дагы демилгесин тепетең жактаган мына ушул чакырылыштын гана депутаттары болду. Алар бир туруп парламенттик башкаруу болобуз десе, бир туруп президенттик башкарууда жашайбыз деп бир чакырылыштын ичинде эле чечип койду», — деди Токтакунов.
Эки Конституцияны тең Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы жактырган. Эгерде 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 89 депутат колдосо, 2021-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алууну сүрөгөндөрдүн саны 94кө жеткен. Алардын арасында 38 депутат эки өзгөрүүнү да колдоп беришкен.
Мындан сырткары депутаттар Кубанычбек Жумалиев жана Алиярбек Абжалиев да жаңы Конституцияны демилгелеген топко кирген. Бирок алар парламенттин жыйынында добуш бере алышкан жок — Жумалиев учурда УКМКнын тергөө изоляторунда, ал эми Абжалиев «Мыйзамсыз баюуга» шектелген соң белгисиз.
«Албетте, төрт жылдан ашуун убакытта бир топ жаңы парламентарий келди. Жаңы пикирлер кошулду. Бирок мурдатан бери мандатты ээлеп тургандар аз убакытта таптакыр эки башка башкарууну тандап жибергенин кантип түшүнөбүз?» — деп суроо салды Токтакунов.